Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Чүй облусуЖайыл району 28.09.2015 16:36

Жайыл районунун акиминин биринчи орун басары болуп Н.Алымбаев дайындалды

Turmush -  Жайыл районунун акиминин жаңы орун басары дайындалды. Премьер-министр Темир Сариевдин 4-сентябрдагы буйругу менен Нурил Алымбаев Жайыл районунун акиминин биринчи орун басарлыгына бекитилди.

Биринчи орун басарга райондун өндүрүш тармагы, отун-энергетика комплекси, жылуулук тармагы, кичи жана орто бизнес тармагын өнүктүрүү милдети жүктөлөт.

Аймактык кабарчыга белгилүү болгондой, Н.Алымбаев буга чейинки 13 жыл ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу тармагында эмгектенип, анын 4 жылында Ак-Башат айыл өкмөтүн жетектеген.

Акимдин мурунку биринчи орун басары Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×