Бөлүмдөр
Ишемби, 14-декабрь
Баткен облусуЛейлек району 31.08.2015 16:22

Лейлекте Эгемендүүлүккө карата мелдештер өтүп, байгеге 100 миң сом акчалай сыйлык коюлду

Turmush -  Лейлек районунда бүгүн, 31-августта Эгемендүүлүктун 24 жылдыгы салтанаттуу түрдө белгиленип, улуттук оюндар өткөрүлдү. Бул тууралуу Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынан Turmush басылмасынын кабарчысына билдиришти.

Маалыматка ылайык, Лейлекте күрөш оюнунун жеңүүчүсүнө 100 миң сом акчалай сыйлык коюлса, айыл өкмөттөр арасында футбол оюндары өткөрүлөт.

Бул оюндарга Лейлек райондук мамлекеттик администрациясы жана жеке ишкер демөөрчүлүк кылган.Спорттук оюндарга район аймагындагы баардык аймактардан спортчулар катышат. Майрам кечинде чон концерттик программанын коштоосунда улантылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×