Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-декабрь
Баракелде, Бишкек 25.03.2015 11:40

Бишкекте Кожомкул атындагы спорт сарайы оңдоп-түзөөдөн кийин ачылды (фоторепортаж)

Turmush -  Бишкекте 21-мартта Нооруз майрамына карата Бишкек шаарындагы Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайынын 40 жылдыгына арналган салтанат болуп өттү.

Спорт ордосунан билдиришкендей, иш-чара имараттын реконструкциясынын аякташына да арналды.

Салтанат Олимпиадаларда жеңген кыргызстандык чемпиондор жана призерлорго арналып орнотулган стенддин ачылышы менен башталды.

Символикалуу кызыл тасманы оор атлетика боюнча Олимпиада оюндарынын чемпиону Каныбек Осмоналиев жана грек-рим күрөшү боюнча күмүш медалчы Канат Бегалиев кесишти.

Ошондой эле, катышуучуларга баатыр Кожомкулдун сүрөтү түшүрүлгөн картина көрсөтүлдү. Анын кызыл тасмасын баатырдын небереси менен КРнын спорттук курулмалар мамлекеттик ишканасынын директору Эдил Касенов кесишти.

Спорт ордосунун дизайны улуттук колоритте «Боз үй» стилинде жасалган. Дубалдар кийизден жасалган бумдар менен кооздолгон.

Реконструкциянын жүрүшүндө фойе, вестибюль, шып жана имараттын чатыры оңдолду. Андан тышкары, ар кандай иш-чараларды өткөрүү үчүн конференц-зал ачылды.

Оңдоп-түзөө өткөрүлгөн убакыт ичинде имараттан 17 тонна таштандылар чыгарылды.

IMG-20150324-WA0012

IMG-20150324-WA0013

IMG-20150324-WA0017

IMG-20150324-WA0016

293ed9fb64043092c5660fbb10e5d9a3_0_500_0

d9e4efd24a66d6a35e0502bf39fcf779_0_500_0

IMG-20150324-WA0030

f8dbaf8d66a12a354c172b13e29da397_0_500_0

IMG-20150324-WA0020

IMG-20150324-WA0025

IMG-20150324-WA0021

IMG-20150324-WA0019

IMG-20150324-WA0027

IMG-20150324-WA0028

IMG-20150324-WA0029

IMG-20150324-WA0036

IMG-20150324-WA0033

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×