Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Баракелде, Бишкек 11.11.2014 13:31

Төрага А.Жээнбеков: К.Жантөшевдин «Каныбек» романы ар бир кыргыздын китеп текчесинде өзгөчө таберик катары сакталып келет

Turmush -  КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 11-ноябрда Улуттук филармонияда көрүнүктүү жазуучу Касымалы Жантөшевдин 110 жылдык маарекесине арналган эскерүү иш-чарасына катышып, анын чыгармачыл жолу, өмүр өтөлгөсү жаатында ой бөлүштү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Төмөндө төраганын сүйлөгөн сөзүнүн тексти:

«Ассалоому алейкум урматтуу мекендештер!

Саламатсыздарбы, ардактуу агаин-туугандар!

Бүгүн кыргыз адабиятынын түптөлүшүнө зор салымын кошкон, бүткүл өмүрүн улуттук маданияттын өнүгүшүнө арнаган улуу сүрөткер Касымалы Жантөшевдин 110 жылдыгын майрамдап олтурабыз.

Элдин эсинде дайыма сакталып, муундан муунга аңыз кеп болуп айтылып, урпактардын урматына ээ болгон сейрек таланттар болот. Дал ошолордун бири – бүгүн биз эскерип жаткан, кыргыз рухун туу тутуп, сүрөткердик вазийпасын бийик сактаган, келечек муундар үчүн көөнөрбөс чыгармаларын мурас калтырган алп жазуучулардыбыздын бири - Касымалы Жантөшев.

Ал бизге улуттук адабиятыбыздын өнүгүүсүндө өзгөчө орунду ээлеген «Тилек», «Жалындуу жаштар», «Ашуу ашкан суу», «Эки жаш», «Хан-Теңирлик чабан» өңдүү көркөм чыгармаларын калтырды. Ушул эмгектери кыргыз адабиятынын өнүгүшүнө өзгөчө баалуу салым кошуп, маданиятыбызда өзүнүн татыктуу ордун тапты. Алар кыргыздын тилинин, кыргыздын маданиятынын өнүгүүсүндө өзгөчө тепкич болуп калды.

Интеллектуалдык деңгээли өтө бийик, нукура ой-туюму зирек, табиятында жаратуучулук сапаты бар инсаныбыз элибиздин маданий мурастарына өзгөчө маани берип, аларды элге жайылтууга жанын үрөгөнү баарыбыз үчүн сабак болууга тийиш.

Агабыз бул ыйык ишти элдик дастандарды жана эпосторду театрдын сахнасына алып чыгуу, балдар үчүн жеткиликтүү тилде жомок китептерге айландыруу аркылуу жүзөгө ашырган. Буга «Курманбек» пьесасы жана «Адыл мерген менен Эдил мерген», «Акылдуу бала» «Мендирман» сыяктуу жомок китептери мисал болот.

Биз Касымалы Жантөшев агабыз «Тянь-Шандык кыз» деген фильмдин сценарийин жазуу менен элибиздин тунгуч киносценаристтеринен болгондугун сыймыктануу менен айта алабыз.

Кыргыздын кайсыл айылына барба, улуусуна же кичүүсүнө кайрылба, алардын арасында Касымалы Жантөшевдин өзгөчө бир чыгармасын билбеген адам жок деп ойлойм. Ал муундан муунга көркөм мурас катары өтүп, колдон түшпөй окулчу - «Каныбек» романы. Бул чыгармасы үчүн замандаштары Касымалы Жантөшевди кыргыздын Дюмасы деп аташканын баарыбыз билебиз. Бул роман кыргыз көркөм сөз өнөрүндө өзгөчө орунду ээлейт, ал ар бир кыргыздын китеп текчесинде өзгөчө таберик катары сакталып келет.

Тилекке каршы, кыргызга көөнөрбөс эмгек сиңирген сүрөткерибиздин чыгармалар жыйнагы кандайдыр бир себептер менен чыгарылбай калыптыр. Ушул өксүк толтурулуп, бүгүн улуу жазуучунун чыгармаларынын 5 томдук жыйнагы элге тартууланды. Бул жалпы кыргыз адабиятындагы, маданиятындагы олуттуу жаңылык болуп калат деп терең ишенемин.

«Жакшынын кадыры өткөндө билинет», Касымалы Жантөшевдин кыргыз маданиятына сиңирген эмгеги бүгүнкү күндө элибиз жана мамлекетибиз тарабынан баалангандыгын да айта кетүү орундуу. Ага Кыргыз ССРинин искусстовосуна эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Эл жазуучусу деген ардактуу наамдар ыйгарылган. К.Жантөшев «Ардак белгиси» ордени жана көптөгөн медалдар менен сыйланган, ынын ысымы балдардын республикалык китепканасына, мектептер менен көчөлөргө ыйгарылган.

Жазуучунун бүгүнкү мааракеси менен анын ысымын алып жүргөн Ысык-Көл облустук драма театрынын мааракеси үзөнгүлөш келип, өткөн жылы театрдын түзүлгөнүнүн 30 жылдыгы чоң салтанат менен белгиленди. Быйыл К. Жантөшевдин жаркын элесин эскерүүгө арналган бир катар иш-чаралар областтык жана республикалык деңгээлде өткөрүлдү.

Урматтуу замандаштар, биз кыргыз маданиятында өзүнүн татыктуу ордун тапкан улуу инсандын элесине дагы бир жолу таазим кылып олтурабыз. Кыргыз эли жана кыргыз руху турганда элибиздин чыгаан уулу, залкар жазуучу Касымалы Жантөшев атабыздын эмгектери, бизге калтырып кеткен маданий мурастары эч качан унутулбайт. Анын ысымы ташка басылган тамгадай муундан муунга түбөлүккө кала бермекчи».

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×