Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Баткен облусу 23.01.2014 11:06

Чек ара маселесин талкуулоо үчүн КСДП фракциясы Баткенде көчмө жыйынга чогулат

Turmush -  Жогорку Кеңештин КСДП фракциясы өзүнүн кезектеги жыйынын эртең, 24-январда Баткен облусунун Исфана шаарында өткөрөт.

Фракциянын катчылыгы маалымдагандай, көчмө жыйында облустагы абал, чек ара маселеси кеңири талкууланат. КСДПнын жыйынына чек ара кызматы, энергетика, билим берүү, саламаттыкты сактоо министрликтеринин жетекчилери, тиешелүү өкмөт мүчөлөрү чакырылган.

Эске салсак, Баткен облусундагы абалды, кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды КСДП фракциясы КР өкмөтүнүн өкүлдөрү менен 18-январда талкуулаган. Ошол жолугушуунун жыйынтыгында өкмөткө альтернативдүү жолдордун курулушун каржылоо, КР Мамлекеттик чек ара кызматынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо, Баткен облусундагы чек арага танапташ жайгашкан калктын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу боюнча комплекстүү чараларды көрүү тапшырылган жана КСДП фракциясынын кезектеги жыйынын Баткен облусуна өткөрүү чечими кабыл алынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×