Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Чүй облусу 23.01.2014 10:48

Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлүнүн милдетин аткаруу Т.Жунушалиевге жүктөлдү

Turmush -  Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин буйругу менен Кубанычбек Кулматов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү кызматынан бошотулду.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү белгиленген тартипте дайындалганга чейин өкүлдүн биринчи орун басары Туратбек Жунушалиевге өкүлдүн милдетин аткаруу жүктөлдү.

Бул боюнча тийиштүү буйрукка премьер-министр Ж.Сатыбалдиев кол койду.

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×