Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Нарын облусуЖумгал району 22.01.2014 16:34

Кара-Кеченин чыга беришине жана Арал айылына көзөмөл жол таразасы орнотулат

Turmush -  Мындай маалыматты өкмөттүн Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов кечээ, 21-январда Кара-Кече көмүр кенинде болгон иш сапары учурунда билдирген. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Өкмөттүн өкүлү кызматкакелүү менен өз ишин Кара-Кече аймагын тартипке салам деген убадасы менен баштаган. Учурда Кара-Кече аймагынын босогосу болгон «Турускул-Ата» автобекетине жол көзөмөлдөөчү таразасын жана Көк-Ой айылына караштуу Арал-Суусамыр аймагына багытталган жолго салмак аныктоочу таразалар коюларын билдирди.

Бул ирет өкмөттүн өкүлү жол көзөмөлдөө пунктун ачууга атайын контейнер жабдыгын алып келип, Кочкор районуна коюп койгондугун, жакын арада аталган аймактарга жол таразалары жана видеокамера коюларын айтып өттү.

А.Кайыповдун иш сапары Баш-Кууганды айыл аймагында уланып, жалпы жергиликтүү калк менен жолугуусу болду жана бир катар элдин кайрылууларын укту. Ошону менен бирге Жумгал райондук мамлекеттик администрациясында коомдук кабыл алуу уюштурду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×