Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Баткен облусу 22.01.2014 15:23

Баткенде динаятчылар чек аралаш айылдарды кыдырды

Turmush -  Баткен районунун имам хатиби Нуридин Мамасабыров баш болгон молдолор кыргыз-тажик чек арасындагы айылдарда болушту.

Динаятчылар 11-январдагы чек арачылардын ок атышуусунан кийин чек аралаш айылдарда турган күч кызматтары жана жергиликтүү тургундар менен сүйлөшүп, аларды сабырдуулука чакырып, эки элдин мамилесин бузуучу аракеттерден алыс болууга чакырды. Молдолор чек арада турган күч өкүлдөрүнө материалдык жардам да жеткиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×