Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Ысык-Көл облусу 22.01.2014 13:20

«Ысык-Көл айымдары» көркөм чыгармачылык тобуна элдик фольклордук топ наамы берилди

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы «Ысык-Көл айымдары» чыгармчылык тобуна «Элдик фольклордук тобу» наамы Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдайт.

Бул ардагер энелерден түзүлгөн чакан топ элдик каада-салтты, фольклордук чыгармаларды камтыган программасы менен көлдүн калкына өз өнөрлөрүн тартуулап келет. Эң кызыгы бул топко киргендердин көбү баатыр энелер. Ырчылык, бийчиликөнөрүнөн тышкары алардын арасында колунан көөрү төгүлгөн уздар бар. Шырдак, кийиз сувенирлерди жасап, көргөзмөгө алып чыгышат.

Чыгармачылык топ элдик фольклордук наамды алгандан кийинки биринчи концертин «Көгүлтүр Ысык-Көл» санаториясында концерт берүүдөн башташты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×