Бөлүмдөр
Ишемби, 16-ноябрь
Талас облусуТалас району 03.08.2015 10:28

Талас районунун акими Р.Өзүбеков кызматынан бошотулду

Turmush -  Талас районунун акими Райкан Өзүбеков ээлеген кызматынан бошотулду. Өкмөттүн басма сөз кызматы бүгүн, 3-августта билдиргендей, тиешелүү жарлыкка премьер-министр Темир Сариев кол койду.

Бирок, Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, Р.Өзүбеков ээлеген кызматынан өз каалоосу менен кетүү тууралуу арыз жазгандыгын райадминистрациянын жыйынында билдирген.

Мурдараак маалымдалгандай, Талас районунда өткөн кошмо жыйында аким Р.Өзүбековду кызматтан алуу маселеси каралган. Мындан тышкары, бул маселе биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин 21-июлда Таласка болгон иш сапарында да көтөрүлгөн.

Р.Өзүбеков ушул жылдын 17-апрелинде шайланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×