Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Талас облусу 22.01.2014 11:25

Таласта прокурорлор, соттор жана укук корго органдарынын өкүлдөрү паракорчулукту жоюу маселелерин талкуулашты

Turmush -  Таласта прокурорлор сот бийлигинин, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, шаардын ардагерлери менен бирге паракорчулукту жоюу маселелерин талкуулашты, деп билдирет Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы.

Көзөмөлдөө ведомствосунун берген маалыматы боюнча, «Паракорчулукка каршы күрөшүү жөнүндө» мыйзамдын талаптарын ишке ашыруу үчүн Талас облусунун прокуратурасы тарабынан 2013-жылдын 11-ноябрындагы Коргоо кеңешинин чечими менен ушул жылдын 18-январында сот бийлигинин өкүлдөрүнүн, облустагы укук коргоо органдарынын жетекчилеринин жана кызматкерлеринин, шаар ардагерлеринин жана ЖМК өкүлдөрүнүн катышысунда жыйын өткөрүлдү.

Жыйында тазалыктын жана ачыктыктын үлгүсү болуу зарылдыгы белгиленди, кызматкерлердин, жарандардын мыйзамга баш ийүүсүн талап кылуудан мурун облустагы укук коргоо органдарынын жана соттордун тазалыгын талап кылуу зарыл, деп айтылды.

Мындан тышкары укук коргоо органдарында жана сот системасында паракорчулук көрүнүштөрдү жоюу, бул багытта турмуштук, системалуу жана саясий паракорчулукту толук жоюу үчүн зарыл иштерди аткаруу жөнүндө айтылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×