Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 25.05.2015 15:55

Нарын ОИИБдин жетекчисинин орун басары болуп милициянын полковниги М.Турпанбаев дайындалды

Turmush -  Нарын ОИИБдин жетекчисинин орун басары болуп Мадланбек Турпанбаев дайындалды. Аймактык кабарчыга ОИИБдин басма сөз катчысы Медина Султаналиева билдиргендей, милициянын полковниги Турпанбаев Мадланбек Турарович 1971-жылы Нарын шаарында туулган. 1996-жылы КРнын ИИМнин Бишкек шаарындагы жогорку мектебин аяктаган.

М.Турпанбаев 1989-жылдан 1991-жылга чейин Советтик Армияда кызмат өтөп, ички иштер органдарында алгачкы эмгек жолун 1991-жылы Ош облустук ички иштер башкармалыгында милициянын кайгуул күзөт кызматынын полкунун 5-ротасында милиционери болуп баштаган.

1991-1992-жылдары Ош ОИИБде милициянын кайгуул күзөт кызматынын полкунун биринчи ротасынын милиционери, 1996-жылы Нарын РИИБдин тергөө бөлүмчөсүндө тергөөчү, 1997-1998- жылдары ушул эле бөлүмдүн кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн ыкчам өкүлү, 1998-2003-жылдын июнь айына чейин Нарын ОИИБдин кылмыш-иликтөө бөлүмүнүн ыкчам өкүлү, 2003-2004-жылдын апрель айына чейин ушул эле бөлүмдүн ага ыкчам өкүлүкызматтарында эмгектенген. 2004-2006-жылдары Ат-Башы РИИБдин жетекчисинин орун басары, андан кийин 2006-2011-жылдары Нарын ОИИБдин кадрлар бөлүмүнүн башчысы, 2011-жылдын февраль айынан баштап Ат-Башы РИИБдин жетекчиси жана Нарын ШИИБдин жетекчилигин аркалаган.

Ички иштер министринин 2015-жылдын 19-майындагы буйругу менен Нарын ОИИБдин жетекчисинин орун басары болуп дайындалды.

Үй-бүлөлүү, 3 кыз 1 уулдун атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×