Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Ош облусу, Ош 19.05.2015 11:34

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын патрулдук-көзөмөл полкунун командири болуп А.Мыйманбаев дайындалды

Turmush -  Кечээ, 18-майда Ош облустук ички иштер башкармалыгынын патрулдук-көзөмөл кызматы аталган полктун командири, милициянын полковниги Заирбек Маматалиев ардактуу эс алууга узатышты.

ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, салтанаттуу иш-чарага ИИМдин Ош облустук жана Ош шаардык башкы башкармалыгынын жетекчилиги жана З.Маматалиевдин туугандары катышты.

Башкы башкармалыктын жетекчиси Сүйүн Өмүрзаков министрликтин жана өзүнүн атынан куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Ошондой эле патрулдук-көзөмөл кызматы полкунун мурдагы командирлери, ардагерлери З.Маматалиевди куттуктап, чепкен жана ак калпак кийгизишти.

Министрдин буйругу менен полктун командирлигине Алманбет Мыйманбаев дайындалды. Ал буга чейин патрулдук-көзөмөл кызматы батальонунун жетекчиси болуп иштеген. Ал эми батальон жетекчилигине Бакытбек Нарматов дайындалды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×