Бөлүмдөр
Шаршемби, 11-декабрь
Баткен облусуКадамжай району 13.05.2015 12:03

Кадамжай чек ара тозотунда куралдуу топ менен күрөштө баатырларча курман болгон капитан К.Ыкышевди эскерүү футболдук матч менен коштолду

Turmush -  Айдаркен чек ара кошуунунун Кадамжай чек ара тозотунда кечээ, 12-майда 2006-жылдын 12-майында куралдуу топ менен күрөш учурунда баатырларча курман болгон капитан Курманбек Ыкышевдин жаркын элесине арналган эскерүү болуп өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз бөлүмү билдирди.

Иш-чарага Айдаркен чек ара кошуунунун жетекчиси Замир Мийзаев, Кажамжай районунун жетекчиси А.Мадумаров, шаардык кеңештин төрагасы Б.Бегалиев жана Беткен коогалаңынын ардагерлери катышышты.

Капитан К.Ыкышевдин ысымы берилген Кадамжай чек ара тозотунда офицердин эрдигин эскерген митинг уюштурулду. Иш-чаранын катышуучулары К.Ыкышевдин эстелигине гүлчамбарларды коюшту. Командачылар жана коноктор чек арачынын аскердик антын аткарып, кылмыштуу топту республикага киргизбөө үчүн өз өмүрү менен каармандык көрсөткөндүгүн белгилешти.

Ошол эле күнү Кадамжай шаарынын спорт аянтында К.Ыкышевдин элесине арналган футболдук матч уюштурулду. Мелдешке чек арачылар, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү жана райондук жаштар уюмдарынан турган 8 команда катышты.

Бул спорттук иш-чара чек ара кызматынын өздүк курамына үлгү болгон баатыр - чек арачы Курманбек Ыкышевдин элесин түбөлүккө сактоо максатында өткөрүлдү.

Капитан Курманбек Ыкышев 2006-жылдын 12-майында Айдаркен чек ара кошуунунун Кадамжай чек ара тозотунда куралдуу топ менен болгон күрөш учурунда курман болгон. 2006-жылдын 25-майында Президенттин жарлыгы менен капитан К.Ыкышевге каза болгондон кийин «Эрдик» медалы берилген.

Кадамжай чек ара тозотунда капитан К.Ыкышевдин эрдигин түбөлүккө сактоо максатында музей ачылып, баатыр-чек арачынын эстелиги коюлган.

2005-жылдын 3-июлунда Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн токтому менен Айдаркен чек ара кошуунунун Кадамжай чек ара тозотуна капитан К.Ыкышевдин ысымы ыйгарылган.

IMG_0027

IMG_0008

IMG_0246

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×