Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-ноябрь
Нарын облусуКочкор району 25.04.2015 11:14

Кочкор райондук сотунун төрагасы Ш.Астаркуловдун ыйгарым укуктары токтотулду

Turmush -  Нарын облусунун Кочкор райондук сотунун төрагасы Астаркулов Шаршенбек Касаболотовичтин ыйгарым укуктары токтотулду, деп маалымдайт өлкө башчысынын басма сөз кызматы.

23-апрелде президент Алмазбек Атамбаев кол койгон жарлыктын негизинде, жаш курагынын чегине жеткендигине байланыштуу эртең, 26-апрелден баштап Ш.Астаркуловдун ыйгарым укуктары токтотулат.

Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×