Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ош облусуАраван району 18.03.2015 17:37

Араван районунда Өзбекстан менен чектешкен аймакта тактала элек 2 жер тилкеси бар

Turmush -  Ош облусунун Араван районунда Өзбекстан менен чектешкен аймакта такталбаган 2 чек ара тилкеси бар. Бул тууралуу Араван районунун акими Курбанбек Айтибаев аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, Араван району Өзбекстан менен 137 км чектешет.

«Өзбекстан менен чектешке аймакта 2 гана жер тактала элек. Калган жерлер такталып бүткөн. Төө-Моюн айыл өкмөтүндө бир жер, Керкидан суу сактагычынын жанында тактала элек жерибиз бар. Калган жерлерди Өзбек тарап тоскон. Ал жерлерде биздин чек ара кызматкерлери да көзөмөлдөшөт. Азыр чек арага жакын барбасын деген эскертүүлөр бергенбиз. Себеби чек арада маселелер жаралышы мүмкүн», - дейт К.Айтибаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×