Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-декабрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 21.01.2014 18:44

Жалал-Абад шаарында өндүрүлгөн продукция өткөн жылга салыштырмалуу аз

Turmush -  Аткаруу комитетинин кеңешмесинде Жалал-Абад шаарынын 2013-жылда социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана ушул жылга карата милдеттери талкууланды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Шаардын биринчи вице-мэри Таирбек Чойбековдун маалыматына ылайык, шаардагы өнөр жай ишканалары тарабынан 2013-жылдын ичинде 2 млрд 920,6 млн сомдук продукциясы өндүрүлүп, өткөн жылга салыштырмалуу өндүрүлгөн продукциянын физикалык көлөмүнүн индекси 89,7%ды түздү же болбосо 246,1 млн сомдук продукция кем өндүрүлдү.

Мындай жагдайдын түзүлүүсүнө шаардагы 25 негизги өнөр жай ишканаларынын ар түрдү себептерге байланыштуу кубаттуулуктарын 5% - 70%га чейин иштетишүүсү себеп болууда. Мындай абал чийки заттардын жетишпестигинен, айланма акча каражаттардын жоктугунан, ички жана тышкы рынокто өндүрүлгөн продукцияларга суроо-талаптын жоктугунан болууда.

Мисалы, «Кыргыз петролеум компани» ЖАК – 16-20%га, «Мата» АК – 10%га, «Азрат-Айып» АК – 5%га, «Алманбет» ЖЧК – 30%, «Жалал-Абад сырасы» ЖЧК – 25%га, «АИГ-СМ» ЖЧК -10%га, «Ак-Алтын» ЖЧК – 12% аткарганын белгилөөгө болот. Ушул жылга кошумча өндүрүлгөн продукциянын көлөмүн жогорулатуунун эсебинен 3 млрд 139,7 млн сомдук продукция өндүрүү милдеттери турат, деп билдирди Т.Чойбеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×