Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусу, Ош 21.01.2014 18:42

Ош шаарынын мэри А.Кадырбаев: Мэрияга өзүмдүн командамды алып келбейм

Turmush -  Мэрияга өзүмдүн командамды алып келүү ниетим жок. Бул тууралуу Ош шаарынын жаңы шайланган мэри Айтмамат Кадырбаев бүгүн, 21-январда өзүнүн мэрлик кызматына киришип жатып журналисттер менен болгон брифинг учурунда билдирди.

«Мен мэр болуп келип иштегиче эле 11 кызматкер өз ыктыярлары менен жумуштан бошоо жөнүндө арыздарын жазып кетишти. Бул алардын укугу. Бош калган орундарга конкурс жарыяланат. Мэрияга өзүмдүн командамды алып кебейм. Өз милдеттерин так жана жакшы аткарган ошол эле аппарат кызматкерлери менен биргеликте иштешем», - деди А.Кадырбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×