Turmush — Душанбе шаарында Тажикстан мамлекеттик коммерциялык университетинин демилгеси жана Regional Science Association International уюму менен биргеликте «Борбордук Азиядагы туруктуу аймактык өнүгүү» аттуу IV эл аралык илимий- практикалык конференция өттү.
Иш-чарага Бразилия, Португалия, Польша, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандан окумуштуулар менен катар Кыргызстандан Ош технологиялык университетинин Экономика жана башкаруу институтунун өкүлдөрү катышты.
Алардын катарында Экономика жана каржы кафедрасынын ага окутуучулары Дыйканова Г.А., Кайыпкулова А.С., ошондой эле институционалдык аналитика жана маркетинг бөлүмүнүн жетектөөчү адиси, экономика жана каржы кафедрасынын окутуучусу Пазылова А.С. бар.
ОшТУнун өкүлдөрү санариптештирүү, экономикалык өсүш, «жашыл» экономика, климаттын өзгөрүшү жана инвестициялык климат багыттарындагы секциялык иштерге активдүү катышып, эл аралык илимий тажрыйба алмашууга салым кошушту.