Turmush — Бүгүнкү күндө дүйнө ыкчам түрдө өзгөрүп, жаштар глобалдык маданияттын таасиринде калып жатат. Ушундай шартта ар бир адам өзүнүн улуттук өзөгүн, туулган жери менен болгон байланышын сезе билгени өтө маанилүү.
«КЫРГЫЗДЫН КЫЗЫ — УЛУТ КӨРКҮ» долбоорунун максаты — Кыргыз Республикасынын ар бир районун ошол жерден өсүп чыккан үлгүлүү кызынын жүзү менен көрсөтүү. Райондун жүзү болгон кыз кичи мекениндеги улуттук баалуулуктар менен жуурулушкан чыныгы турмушту, ошол аймактын табиятын, тарыхын, каада-салтын, көйгөйүн жана кооздугун тааныштырат.
40 кыздын сөздөрү жөн гана жеке баян эмес, бул — райондун үнү, улуттун үнү!
«АКИpress» маалымат агенттигинин «Turmush.kg» маалымат сайты Кыргызстандагы 40 районду камтыган бул өзгөчө долбоорго 18 жаштан 36 жашка чейинки кыздарды катышууга чакырат. Редакция талапкерлерди өмүр баян жана сүрөтү менен таанышкандан кийин тандайт.
Электрондук дарек: aimak.akipress@gmail.com
Байланыш номуру: +996 (554) 65 60 25
«КЫРГЫЗДЫН КЫЗЫ» долбоорунун он бешинчи каарманы — Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Кереге-Таш айылынын тургуну Аймарал Ажыбекова.
Ак-Суу району — Кыргызстандын чыгышындагы Ысык-Көл облусунда жайгашкан кооз тоолуу район. Райондун административдик борбору — Ак-Суу айылы (мурунку Теплоключенка), ал Каракол шаарынан болжол менен 9 км аралыкта жайгашкан. Түндүгүнөн Түп району, түндүк-батышынан Казакстан, чыгышынан Жети-Өгүз району, түндүк-чыгышынан Кытай менен чектешет.
Ак-Суу районунун аталышынын тарыхы
Азыркы Ак-Суу району падышалык Россия мезгилинен тартып эле маанилүү аймактардын бири болгон. XIX кылымдын аягында бул жерде орус көчмөндөрү келип отурукташып, азыркы Ак-Суу айылынын ордунда жаңы конуш пайда болот. Айыл аймагында жер алдынан чыккан жылуу булактар болгондуктан, аны орусча «Теплоключенка» деп атап калышкан. Бул сөздүн мааниси — «жылуу булактуу жер» дегенди билдирет.
Кийин Совет бийлиги орногондон соң район расмий түрдө Теплоключенка району деп аталып калган. Райондун административдик борбору да Теплоключенка айылы болгон. Ошол мезгилде бул аймак айыл чарба, мал чарбачылык жана багбанчылык боюнча өнүккөн райондордун бири эсептелген.
Совет мезгилинде көптөгөн кыргыз жер-суу аттары орусча аталыштарга өзгөртүлгөнү белгилүү. Бирок эгемендүүлүккө жакын жылдары жана Кыргызстан көз карандысыз болгондон кийин тарыхый аталыштарды кайтаруу процесси башталган.
Ошентип, Теплоключенка айылы кайрадан өзүнүн байыркы аты — Ак-Суу деп атала баштады. Район да Ак-Суу району болуп өзгөртүлгөн. «Ак-Суу» аталышы кыргыз тилинде тунук, мөлтүр суу деген маанини берет. Бул ат аймактагы мөңгүдөн түшкөн таза сууларга жана дарыяларга байланыштуу коюлган деп айтылат.
Кызыгы, жергиликтүү улуу муундагы адамдар азыркыга чейин «Теплоключенка» деген аталышты колдонуп калышат. Айрыкча совет мезгилин эстегендер арасында бул ат көп айтылат.
1930-жылдары СССРде административдик-аймактык реформалар жүрүп, Кыргызстандагы көптөгөн райондор кайрадан түзүлүп жаткан. Ошол мезгилде Ысык-Көл аймагындагы калктуу конуштарды бириктирип, борбору Теплоключенка айылы болгон район түзүлгөн.
Буга чейин райондо 14 айыл аймак (айыл өкмөт) болсо, реформа аркылуу алардын саны кыскарган. Азыр негизинен төмөнкүдөй ири айыл аймактар калыптанган: Алтын-Арашан айыл аймагы, Каракол айыл аймагы, Кыдыр-Аке айыл аймагы, Хан-Теңири айыл аймагы.
Район Тескей Ала-Тоонун этектерин, токойлуу капчыгайларды жана мөңгүлүү аймактарды камтыйт. Бул жер туристтер арасында Алтын-Арашан өрөөнү, Ак-Суу капчыгайы жана ысык минералдык булактары менен белгилүү.
Башка аймактардан өзгөчөлүгү — дарылык касиети бар ысык булактары жана эс алуучу жайлары менен кеңири таанылгандыгы. Райондогу тоо арасындагы минералдык сууларга жыл сайын Кыргызстандан гана эмес, чет өлкөлөрдөн да эс алуучулар келип турушат.
Айрыкча Алтын-Арашан эң белгилүү жайлардын бири. Бул жер деңиз деңгээлинен бийик жайгашып, ысык минералдык булактары менен белгилүү. Эл арасында бул суулар муун ооруларына, чарчоого жана айрым тери ооруларына пайдалуу деп айтылып келет.
Ак-Суу районунун дагы бир өзгөчөлүгү — Ысык-Көл облусундагы көпчүлүк райондор көл жээгине жакын жайгашса, Ак-Суу району негизинен тоолуу жана капчыгайлуу аймак катары айырмаланат.
Ак-Суу капчыгайынын кооз жаратылышы, таза абасы, карагай токойлору жана мөңгүдөн түшкөн тунук суулары районду өзгөчө туристтик аймакка айландырган.
Мындан тышкары:
• Жыргалаң өрөөнү кышкы туризм жана лыжа багыты менен өнүгүп жатат;
• Эңилчек тарап Хан-Теңири чокусуна баруучу альпинисттер үчүн маанилүү маршрут болуп эсептелет;
• Райондогу көпчүлүк эс алуу жайлары табигый шартта, тоо арасында жайгашкан.
Албетте, район Ысык-Көлгө да чыгып турат. Мисалы, Челпек, Боз-Учук, Орлиное сыяктуу аймактары көлгө жакын жайгашкан. Бирок райондун негизги бөлүгү тоолорду көздөй кеткендиктен, аны көпчүлүк «тоолуу Ак-Суу» деп мүнөздөшөт.
Ак-Суу районунун башка аймактардан айырмачылыгы — дарылык касиети бар эс алуучу жайлары менен белгилүү. Тоодон ысык суу агып чыгат. Анын курамында адамдын ден соолугуна пайдалуу көптөгөн минералдык заттар бар. Ошондуктан бул аймакта курорттор жана ысык булактар ачылган. Курортторго жүрөк-кан тамыр, нерв системасы жана тери ооруларынан жабыркаган адамдар барышат. Алар дарыланып, жакшы жыйынтыктарга жетишет. Ал эми ысык булактарга эл эс алып, ден соолугун чыңдоо үчүн келет.
Райондун эли негизинен дыйканчылык жана мал чарбачылык менен алектенет. Дыйканчылыкта арпа, буудай айдашат. Ал эми мал чарбачылыгында кой, уй, жылкы жана башка үй жаныбарлары багылат. Райондун Сырт өрөөнүндө топоз багышат, анткени бул жаныбар суукка чыдамдуу келет.
Ак-Суу районунун эли абдан өнөрлүү. Биздин айылда көптөгөн окуучулар жана тургундар комузда ойношот. Биздин эжейибиз Айганыш Мамыралиева мектепте окуучуларга музыка сабагынан берет. Ал комуз гана эмес, чопо чоор, темир ооз комуз, кыл кыяк жана казак элинин улуттук аспабы болгон домбырада ойногонду да үйрөтөт. Анын жардамы менен биз көптөгөн жерлерди көрдүк, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катыштык. Эжейибиздин эмгеги бүгүнкү күнгө чейин бизге чоң пайдасын тийгизип келет.
Мен Ак-Суу району менен сыймыктанам. Анткени бул аймакта бийик тоолор, мөлтүр суулар, таза аба бар. Эли жөнөкөй, меймандос жана талантка бай.
Буга чейинки каармандар:
1. Кажамжай районунун кызы — Алина Исакова
2. Өзгөн районунун кызы — Кумара Токсобаева
3. Ат-Башы районунун кызы — Айсунат Адилетова
4. Нарын районунун кызы — Бегайым Советова
5. Баткен районунун кызы — Самара Абдикаримова
6. Талас районунун кызы — Адиана Аманбекова
7. Ноокат районунун кызы — Расулбек кызы Роза
8. Жети-Өгүз районунун кызы — Нуркамал Жудоева
9. Түп районунун кызы — Зарина Бачеринова
10. Ысык-Көл районунун кызы — Тахмина Акылбекова
11. Жумгал районунун кызы — Сезим Рахатбекова
12. Тогуз-Торо районунун кызы — Мадина Алтымышова
13. Тоң районунун кызы — Айжан Бактыбекова
14. Чоң-Алай районунун кызы — Миргүл Рахманалиева
15. Араван районунун кызы — Бибинур Жанибекова
16. Ак-Суу районунун кызы — Аймарал Ажыбекова