Turmush — Кочкор райондук И.Исаков атындагы маалыматтык китепканада 23-апрель — Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө карата «Китеп — руханий өнүгүүнүн негизи жана коомдун келечеги» аттуу семинар өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалыматка караганда, иш-чарага китепканачылар, окурмандар, жергиликтүү акындар, калемгерлер жана чыгармачыл инсандар катышты.
Кочкор райондук И.Исаков атындагы маалыматтык китепканасынын башчысы Бурулсун Султаналиева, Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлү Айзада Тилебалдиева жана райондук маданият бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Чолпонбек уулу Бектур окурмандарды куттуктап, Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнүн мааниси тууралуу айтып беришти. Ошондой эле алар өздөрү ала келген китептерин китепканага белекке тапшырышты.
Иш-чара «Поэзия мүнөттөрү» жана Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына карата уюштурулган «Каармандар парады» аттуу бөлүмдөрдөн туруп, аларга арналган бурчтар тааныштырылды.
Мындан тышкары, иш-чаранын алкагында «Тарыхтын тагдыры — улуттун тагдыры» аттуу слайд-презентация аркылуу Кайырбек Коңурбаевдин «Суяб — Ордокент — Кашкар, Баласагын» жана Рысбек Адиевдин «Империялардын кулашы» аттуу китептеринин бет ачары өткөрүлүп, кеңири түшүндүрмө берилди.
Ыр сүйүүчүлөр өз чыгармаларын көркөм окуп беришсе, окуучулар китеп тууралуу ырларды көркөм айтышты. Ошондой эле китептердин жана инсталляциялардын презентациясы уюштурулуп, ар бир айыл өкмөттөгү китепканачылардын чыгармачылык эмгектери тааныштырылды.
Иш-чара оюн-зоок менен коштолуп, окурмандар китепкана фондуна китеп белекке беришти.
1995-жылы ЮНЕСКОнун резолюциясынын негизинде 23-апрель — Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү деп жарыяланган. Ал эми Кыргызстандын Өкмөтү 2002-жылдагы токтому менен өлкөдө Китеп күнүн бекиткен.