Turmush — Баткен районунун Жаңы-Жер айылынын 34 жаштагы тургуну Рахат Садированын гүл бакчасында 15 миңден ашуун гүл өсөт. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.
Өзүнүн айтымында, гүлдөр күнөсканада кышы-жайы гүлдөп турат. Ага облустан сырткары өлкөнүнүн башка аймактарынан да буйрутма беришет.
«Өзүм кесибим боюнча, экономистмин. Окууну аяктаган соң 3 жыл кесибим боюнча иштедим. Кийин турмушка чыгып, балалуу болуп декретте отуруп, кайра гүл бизнесимди баштадым. Күнөсканадан сырткары базарга да чыгып атайын жай кылып алгам. Азыр үй-бүлөлүк бизнес. Антпесе мен өзүм баарына жетише албайм.
Азыр өзүбүз билгендей эле онлайн заман. Интернеттен да иштейбиз, гүлдөрдү интернет аркылуу өлкө аймагына сатабыз. Ал эми базарга чыксам бул жактагы күнөсканам калып кетет экен. Ошого сиңдилерим менен жардамдашып иштейбиз.
Гүлдүн сезону жаз келгенде башталат. Майрамдарда калбай калган учурлар болот. Анткени гүлгө талап күч. Баткенде аялдар «гүл жиндиси» болот. Бизде 15 миңден ашуун гүлдүн түрү бар. Андан герандын бир канча түрү бар. Жыл сайын гүлдөрдү да модасына жараша алышат. Быйыл камелия, гузмания, антуриум жана азалия гүлүнө суроо талап жогору болуп жатат. Кайсы гүлдүн түрү чыкса ошондон алдырып өстүрө баштайбыз.
Күнүнө 100гө жакын гүл сатабыз. Алардын алды 150 сомдон башталып, 6000 сомго чейин. Эң алыс Бишкек, Чүйгө жөнөттүм. Азыр эми декоративдүү гүлдөр чыгып кетти. Алар гүлдөбөйт бирок ишканаларды же үйлөрдү көртөндүрүп турат. Алардан да Өзбекстан Кытай жана Голланлиядан алдырам.
Андан сырткары көчөттөрдү өстүрөбүз, роза гүлдөрдүн көчөттөрү бар. Алдыда дагы да күнөскананы чоңойтсом дейм. Азыр гүлдөрүм батпай калат», - деди ал.
Рахат Садирова 1 уул, 1 кыздын апасы.