Turmush — Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун тургуну Аруузат Жекшенова кыргыз фольклордук музыкасынын алтын казынасынан орун алган күүлөрдөн шыктанып, аларды комузда аткарууну өздөштүрүп, сынактарга катыша баштады. Жаш комузчу менен Turmush басылмасынын кабарчысы маек курду.
Аруузат Жекшенова 2016-жылдын 12-январында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу айылында төрөлгөн. Ал үй-бүлөдөгү 6 бир туугандын кичүүсү. Учурда М.Мамакеев атындагы жалпы билим берүү мектебинде 4-класста окуп, ошол эле учурда Канымгул Досманбетова атындагы балдар музыкалык мектебинин 1-классында комуз өнөрүн үйрөнүп келет.
Кичинекейинен эле комузга кызыккан Аруузат азыр бул өнөрдү устатынан үйрөнүп жатат.
«Комуз күүсү мага кичинемден жагат. Кыргызда айтылгандай, бир караган көзгө жөнөкөй көрүнгөн бул аспаптан ушундай мукам үн чыгат. Аны чебер кол гана күүгө келтирип черте аларына таң таң калам. Учурда Бурул Сагынбаева эжейимден комуздун сырларын үйрөнүп жатам», - дейт ал.
Ал комуз чертүүгө болгон кызыгуусу күндөн-күнгө күчөп, музыкалык мектепке киргенден кийин бул өнөргө мурдагыдан да олуттуу мамиле жасай баштаганын айтат. Жаш талантка эң чоң колдоону ата-энеси, бир туугандары, эжеси жана устаты көрсөтүп келет.
«Айрыкча апам менен эжем өнөргө болгон кызуугумду эрте байкап, шыктандырып келишет. Ата-энем комуз алып беришкенде аябай кубангам. Ошондон кийин күн сайын чертип, жаңы күүлөрдү үйрөнүүгө аракет кылдым. Өзүңдүн комузун болгон эң чоң кубаныч. Аны бошогон кезде, эргүү келген кезде, сабактан кийин убакыт болгондо бат-баттан чертип машыгам аласың. Комузду болуу менен чоң кыялым эле», - дейт ал.
Аруузаттын эң жакшы көргөн күүсү —Токтогул Сатылгановдун «Чайкама» күүсү.
«Бул күү көңүлдү көтөрүп, колго көнүгүүлөрү көп болгондуктан өзгөчө жагат. Ошондой эле "Кербезим" күүсү да жүрөгүмө жакын. Бул күүлөрдү чертип жаткан ар бир комузчу мага жакын көрүнөт. Колдору башка дүйнөгө жетелегендей сезим калтырып, ушундай унутулгус күүлөрдү жараткан авторлор сыймыктануу, суктанууну жаратат», - деди ал.
Жаш комузчу жакында эле алгачкы жолу сынакка катышып, алдыңкы орунду багындырган. Бул ийгилик анын жашоосундагы эң алгачкы чоң жеңиштеринин бири болду.
«Сахнага чыкканда толкундануу болду. Бирок эжейим менен апам "элге көңүл бурбай, өз ишиңди так аткар" деген кеңеши дем берди. Бул мен үчүн эң маанилүү сынак болду. Анткени биринчи жолу катышып, байгелүү орун алганыма аябай сүйүндүм. Атам, апам, бир туугандарым, эжейим жана классташтарымдын баары куттукташты», - дейт Аруузат.
Ал мектепте дагы мыкты окуучулардын бири. 1-класстан бери «5» деген баа алып, ар кандай иш-чараларга, сценкаларга, ыр-бийге активдүү катышат. Өзгөчө математика жана кыргыз тили сабактарын жакшы көрөрүн билдирет. Мындан тышкары сүрөт тартууга, бисер менен буюм жасоого кызыгат.
Аруузат келечекте дизайнер болууну кыялданат. Ошол эле учурда чоң сахналарга чыгып, чет өлкөлөрдөгү сынактарга катышып, кыргыз элинин желегин желбиретүүнү максат кылат. Ал өзүнө кумир катары Самара Токтакунованы, Нурак Абдрахмановду жана устаты Бурул Сагынбаеваны көрөт.
«Бош убактымда китеп окуп, сүрөт тартып, кол менен мончок туруудан буюмдарды жасоону, комуз черткенди жактырам», - деп сөзүн жыйынтыктады ал.