Turmush — Бүгүн, 16-апрелде Ысык-Көл облусунда эки унаанын катышуусунда жол-транспорт кырсыгы катталды.
Күбөлөрдүн айтымында, кырсык Балыкчы шаарына 2-3 км жетпеген тилкеде болгон.
«Бүгүн таңкы саат болжол менен 05:30да 2 унаа — «Hyundai Sonata» жана «Subaru» кырсыкка учурады. Адамдар тирүү, бирок оор абалда болчу», - деди күбөлөр.
Кийинчерээк Ысык-Көл ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдиргендей, 2026-жылдын 16-апрель күнү болжол менен таңкы саат 06:30 чамасында Балыкчы—Каракол унаа жолунун 3-чакырымында жол кырсыгы катталган. Жол кырсыкка «Hyundai Sonata» жана «Toyota» үлгүсүндөгү эки автоунаа кабылган.
Аталган факт Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын маалыматтардын электрондук журналына катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Учурда жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталып, бардык зарыл болгон териштирүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.