Turmush — Токмокто көчөгө курулуш таштандысын чыгарып койгон адамга 3000 сом айып пул салынды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө шаар аймагын көрктөндүрүү эрежелеринин бузулушу аныкталды. Текшерүүнүн жыйынтыгында тартип бузган жаранга Административдик укук бузуулар жөнүндө кодексинин 114-беренесине (аймакты абатташтыруу эрежелерин бузуу) ылайык жоопкерчиликке тартылып, 3000 сом айып пул салынды.