Turmush — Административдик-аймактык реформадан кийин Манас шаарынын аймагындагы 12 мечит казыяттын балансына өткөрүлүп берилди. Кечээ, 13-апрелде Манас шаардык кеңешинин X чакырылышынын кезектеги XXV сессиясында депутаттар макулдук беришти.
Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, сессияга шаардык кеңештин төрагасы Аскат Талант уулу баштаган депутаттар, мэр Абдупата Маткаликов, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана аймактык башкармалыктардын башчылары катышты.
Маалым болгондой, 2023-2024-жылдары ишке ашкан административдик-аймактык реформада 12 мечит шаар аймагына кошулган. Адистер мечиттердин тиешелүү документтерин толуктап, облустук казыяттын балансына өткөрүп беришти.
Административдик-аймактык реформанын алкагында Жалал-Абад шаарына [учурда Манас шаары] Таш-Булак айыл аймагынын Таш-Булак, Арал, Гүлистан, Димитровка, Доскана, Эшме, Жаңы-Арал, Ирригатор, Теплица, Чолок-Терек, Ынтымак айылы, Ырыс айыл аймагынын Дөмөр, Ладан-Кара, Масадан, Ырыс айылы, Барпынын Чөкө-Дөбө, Пригородный айылдары кошулган.
АТРдин алкагында Сузак районунун ошол кездеги Жалал-Абад шаарына [учурда Манас шаары] жанаша жайгашкан айыл аймактарынан жалпы 27 миңден ашык мүлк кошулган.