Turmush — Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-апрелде Ош облусунун Кара-Суу районунун активи жана тургундары менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тургундар бир катар актуалдуу социалдык-экономикалык жана инфраструктуралык маселелерди көтөрүштү.
Жолугушууга Өзгөн районунун Дөң-Булак айыл аймагынан келген Жамила Айткулова 19 жаштагы студент уулу уурдалганын айтып, өлкө башчыдан жардам сурады.
«14 жыл болду, Кара-Суу районунун Правда айылында 5-6 топ болгон балдар баламды уурдап кетишкен. Ушул маалга чейин дайыны жок. Бардык жакка жаздым, Жогорку Кеңешке, УКМКга, сизге дагы эки жолу кайрылдым. Бирок мага айтпай, 2023-жылы ишти жаап салышкан. Мен кайра барып ишти козготкондо Россиядан бир баланы алып келип камашты. Ал бала менин баламды уурдап, унаага салып берген. Унаадан уурдап кеткен бала Жаңы-Арыкта жашайт. Аны 6 жылга эле камап койду. Балам табышмак болуп калды, ушул маалга чейин дайынын таппайм. Өлүү менен тирүүнүн ортосунда жүрөм», - деди ал.
Ички иштер министрлигинин өкүлү бул иш боюнча тергөө жүрүп жатканын билдирди. Анын айтымында, уурдалды делген жигит табыла элек.
Жамила Айткулова уулу уурдалган учурда 19 жаштагы студент болгонун, музей ачканын кошумчалады.
Садыр Жапаров ИИМдин өкүлүнөн окуя боюнча кандай версия бар экенин сурады.
«Бул боюнча бардык тапшырмалар берилип, эл аралык издөө жарыяланган. Тергөө купуялуулугун кармап турабыз. Алдын ала кимдер уурдаганын билебиз, табыла элек», - деп жооп берди ИИМдин өкүлү.
Садыр Жапаров катуураак иштөө керектигин айтып, «Коопсуз өлкөнүн«» камераларын колдонуу керектигин белгиледи. Ал бул ишти өз көзөмөлүнө алганын айтты.