Turmush — Нарын районунун Ак-Кудук айылынын тургуну, кол өнөрчү Назира Өмүракунова ашпозчулук кесиби менен киреше таап келет. Аны менен Turmush басылмасынын кабарчысы маектешти.
Назира Өмүракунова 1979-жылы 2-апрелде Нарын шаарында туулган. Ал Арстанбек Буйлаш уулу атындагы орто мектебин аяктаган соң Ак-Кудук айылына келин болгон.
Каарманыбыз салттуу кол өнөрчүлүктү өз энеси жана кайненесинен үйрөнгөндүгүн айтты.
«Турмушка чыкканга чейин апама жардам берип, кармалашып жүрүп алгач шырдак шырыганды үйрөнүп, акырындык менен башкаларын үйрөнө баштагам. Турмушка чыккандан кийин кайненем экөөбүз жасап жүрүп, учурда өз алдымча жасап калдым. Шырдак, кийиз килемче жасап, жер төшөктүн түрлөрүн курап, жээк ийрем. Албетте, шырдак жасоо оңой эмес. Атайылап сатуу үчүн деле жасабайм. Шырдакты жасап, туугандарыма, жакындарыма белек кылам. Буйрутма берип, жасап берген деле учурларым болгон. Ошко, Ат-Башыга, Орто-Сазга жасаган шырдактарымды саткам. Шырдак сапаттуу болуш үчүн биринчи жүнгө көңүл буруу керек. Жакшы, уяң жүндөн кийиз бышык болуп жасалып, басылат. Шырдак көрктүү болуусу үчүн оюусуна төп келген боёкторду туура тандап, шырыгын колдун шоонасы менен ийриш керек. Азыр көпчүлүгү эле колго ийилген шоона менен эмес, дүкөндүн жиби менен жөрмөп салышат. Ал бош болуп калат. Жөрмөгүн дагы майда жөрмөш керек да. Ошондо гана шырдак бекем болот», - деди ал.
Анын айтымында, жер төшөктүн түрлөрүн жасайт. Бир жер төшөктү бир жумада эле жасап бүтөт.
«Жер төшөктүн түрлөрү болот. Чий курак, гүл курак, оюу курак жана жөнөкөй жер төшөктөрдү жасап жүрөм. Көбүн эсе баркыт кездемесин колдоном. Бир жер төшөктү көңүл буруп отурсам, бир жумада эле жасап бүткөрүп коём. Чындыгын айтканда, жер төшөк курап деле саткан эмесмин. Аны деле жакын туугандар үчүн жасап, белекке берем. Айыл жери болгондуктан башка жумуштар дагы бар. Дайыма кол өнөрчүлүк менен алектенип отурганга убакыт деле жетпейт. Учурда ден соолугума байланыштуу көп деле жасабай калдым. Бирок таптакыр эле таштап салгым келбейт. Анткени улуу өнөрдү кыз-келиндериме үйрөтүп коюшум керек. Көп эле кол өнөрчүлүк сынактарга, көргөзмөлөргө бардым. Негизи бизде кол өнөрчүлөргө колдоо жок. Ар кимибиз эле өз арбайыбызды өзүбүз эле согуп келебиз. Бир жолу көргөзмө өтүп, байгелүү орунга ээ болгом. Бирок байгесине идиш берип койгон», - деди Өмүракунова.
Каарманыбыз дарылык касиетке ээ самын дагы жасай турганын кошумчалады.
«Бош убактымда кир самын, атыр самындарды жасап коём. Албетте, муну дагы сатыш үчүн эмес, үйгө өзүбүз колдонгонго эле. Бирок тери ооруларына (чач өстүрүүгө, безеткиге, дене кычышуусуна каршы) самындарды буйрутма менен жасап берем. Самын жасоону айылда бир топ келиндерге үйрөтүп койгом. Биздин айылда көпчүлүгү эле самынды колго жасап алып, пайдаланып калышкан», - деди ал.
Назира айым негизги киреше булагы болгон ашпозчулук иши тууралуу айтып берди.
«Мына эми май айы жакындап калды. Менин негизги жумушум эми башталат. Анткени мен көчмө ашпозчулук менен алектенем. Май айынан баштап 20 жылдык, 10 жылдык деген мааракелер башталат. Андан сырткары, куда тосуу жана башка тойлор бар. Салаттын, тамактын жана башка дасторкон даярдоо боюнча сунуштар келип түшөт. Май айынан тарта ноябрга чейин тынымсыз иш болот. Бир дасторкон даярдоодо 15 миң сомдон жогору иштейм. Мисалы, 20 кишиден 30 кишиге чейин 15 миң сом, андан ашса бир кишиге 500 сомдон кошулат. Кээде 4-5 күн удаасы менен чакыруулар болуп турат. Нарын району, Нарын шаары, нары жагы Ат-Башы районунан бери чакырышат», - деди ашпозчу айым.
Назира Өмүракунова иштеги кызыктуу окуялары менен дагы бөлүштү.
«Өткөн жылы Ат-Башы районунун Казыбек айылынан буйрутма түшүп, ал жакка сиңдимдин кызын ээрчитип баргам. Ал кыз хиджаб кийип барган. Мен кадыресе эле кийинип баргам. Анан эле ошол үйдүн кожойкеси "эже сиз өткөндө синдимдикине куда тоскону келгенде хиджап кийинип, кызыныз жылаңбаш келбеди беле" деп күлөт. Мен "жок ай, эч качан хиджап кийип көргөн эмесмин" деп таң калып коём. Көрсө, мурунку жумада сиңдим ошол үйдүн сиңдисиникине буйрутмага барыптыр да. Сиңдим дагы көчмө ашпозчулук менен алектенет да. "Өтө окшош экенсиңер" деп күлөт. Бирок сиңдим толук жана сары, мен болсо кара жана толукмун. Эмнегедир экөөбүздү көп айырмалай алышпайт.
Мен айылдан Нарынга 1 күн эрте сиңдимдикине барып, ошол жактан кетем. Нарында таксисттерге даректи айтсам эле, "Ооба эже, сиз поварсыз да. Үйүңүздү билебиз" дей беришет. Бирок, ал үйдө сиңдим жашайт. Окшоштура беришет.
Бир жолу дагы Нарындан чакыруу түшүп бардым. Дасторконун даярдадым. Кудалары келди. Куда тосуп жатышат. Үй кожойкесине "эсептешип, эмгек акымды берип коюңузчу" десем, ал "акча жок, кудалар кеткенден кийин ооз тийип, анан берем" десе болобу. Негизи андай эмес да. Кудалары кыздын калыңын берсе, анан ошол акчадан өздөрү "ооз тийип", анан бермек окшойт да. Айтор, ары-бери тартышып жатып, акыры алгам», - деди Назира Өмүракунова.