Turmush — Кадамжай районунун Ынтымак айылынын 45 жаштагы тургуну Саадат Каримова төртүнчү наристесин төрөп жатып каза болду. Бул тууралуу анын жакындары билдирди
Төрөттөн көз жумган келиндин кайын энеси Патма Авазованын айтымында, келини бир жума мурда УЗИ аппаратына текшерилип, бала да өзү да жакшы экенин айткан.
«Келиним 1981-жылкы. Буга чейин 3 баласы болгон. Бул төртүнчү төрөтү эле. Кечинде сүйлөшсөм «баары жакшы текшерилдим» деген. Бирок дарыгерлер белгилеген төрөт убактысынан өтүп кеткендиктен баарыбыз тынбай чалып кыжалат болуп жатканбыз. Ал болсо «баары жакшы, дарыгерге бардым бала да жакшы» деп жаткан. Анан 5-апрель күнү кан кетип ооруканага барган. Дарыгерлер баласыны ичинде эле чарчап калганын айтып, мага карматышты. Аны жайга алып барып келгиче келиним дагы бир операцияга кириптир. Дарыгерлер «миома бар» деп операция кылып, андан чыкпай калды. Минтип келинимден айрылып калдык. Буга чейин келиним оорудум дебейт эле», - деди ал.
Маркум Саадат Каримованын жолдошу Хамилжан Авазов жубайын акыркы сапарга узатуу үчүн Россиядан келди.
«Түндө саат 3:00тө сүйлөштүм, ооруганын айткан эмес. Баары жакшы экенин айтканда «кечигип жатасың, бар» дегем. 5-апрель күнү эртең менен 7:00до WhatsApp аркылуу жазышканбыз. Бирок түштөн кийин эле мага «каза болуп калды» деп кабар барды. Айылдагы ФАПта каттоодо турган. «УЗИге түштүм, бала кыймылдап жатат» деген. «Барып жат» дегем. Анын алдындагы кызым төрөлгөндө да Россияда эрте жатып дарыланып, дарыгерлердин көзөмөлүндө болгон. Азыр эми тажия, кыркы болуп чыга албай жатабыз. Дарыгерлерге барып эмне болгонун дагы тактайбыз», - деди алю
Өткөн жылы Кадамжай районунда 5 эне төрөттөн каза болгон.