Turmush — «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — Жазгүл Жуматаева. Чүй облусунун Кара-Балта шаарында төрөлүп, жашоосу Россиядагы ири курулуш долбоорлор менен байланышкан Жазгүл айымдын тагдыры күтүүсүз бурулушка туш болот. Ал токтоо, сезимин көп билдирбеген түрк жигити Келбаш Эмре менен таанышып, алгач күмөн жараткан бул мамиле бара-бара чоң сүйүүгө айланат. Апасынын «ал сени анча сүйбөгөндөй» деген сөздөрүнө карабай, алардын окуясы Москвадагы никеден Стамбулдагы жомоктогудай тойго чейин жеткен.
Туулган жерим жана балалыгым
Мен 1992-жылдын 28-февралында Кара-Балта шаарында төрөлгөм. Балалыгым жана мектеп жылдарым Чүй облусундагы Полтавка айылында өттү. Ал жер мен үчүн ар дайым эң жакын, жылуу жана эстеген сайын жүрөккө жагымдуу бойдон калды.
8-класстан кийин Бишкектеги “Анадолу” түрк лицейине тапшыргам. Дал ошол жерде түрк тилине жана маданиятына болгон сүйүүм башталган. Ошондо бул өлкө менин жашоомдун ушунчалык маанилүү бөлүгүнө айланарын элестете да алган эмесмин. Бирок ошондо эле ичимде бир тынч кыял жаралган — качандыр бир күнү сөзсүз Түркияга барып келем деп ойлочумун.
9-класстан кийин лицейден чыгып, кыргыз‑орус славян университетинин алдындагы колледжге тапшырдым. Аны бүтүргөн соң ата-энем менен эже-сиңдилерим жашаган Россияга туруктуу жашоо үчүн көчүп бардым. Көп өтпөй эле түрк курулуш компаниясына кадрлар боюнча адис болуп жумушка орноштум.
Жумуш мен үчүн жөн гана кесип болбостон, турмуштун чоң мектебине айланды
13 жыл ичинде Россиядагы мунай-газ жана мунай-химия тармагындагы ири стратегиялык долбоорлорго катыштым. Кардарларыбыздын арасында “Газпром”, “Сибур”, “НИПИГАЗ” сыяктуу компаниялар бар эле. Мага чоң курулуштарда иштөөгө, ар кайсы шаарларды көрүүгө, түрдүү өлкөлөрдөн жана маданияттардан келген адамдар менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.
2018-жылы Тобольск шаарынан ипотекага батир сатып алдым. Ошол учурда биздин компания эң ири долбоорлордун бири — “ЗапСибНефтехим” курулушуна катышып жаткан. Бул мен үчүн маанилүү кадам болгон — туруктуулуктун жана өз алдынчалуулуктун белгиси эле.
Жумушта жолуккан сүйүү
Келечектеги жолдошум Келбаш Эмре менен 2019-жылдын март айында Благовещенск шаарында таанышкам. Экөөбүз тең Амур газ иштетүүчү заводунун курулушунда иштечүбүз. Бизди орток досторубуз тааныштырган.
Бизде биринчи көргөндө эле сүйүү жаралган эмес. Бирок, сыягы, экинчи... же үчүнчү көрүшүүдөн кийин сүйүү келди окшойт — анын качан башталганын өзүм да байкабай калыптырмын. 2019-жылдын мартынан тартып дээрлик ажырабай жүрдүк.
Эмре Эльбистан шаарынан болот, бирок Стамбулда чоңоюп, ошол жакта жашайт. Ал абдан токтоо, сабырдуу жана көп сүйлөбөгөн адам — мүнөзү жагынан мага таптакыр карама-каршы. Бирок биздин тең салмактуулук дал ушунда болсо керек.
Алгач апам күмөн санады...
2021-жылы бири-бирибизди ата-энебиз менен тааныштырып, баш кошуу чечимибизди билдирдик. Менин үй-бүлөм аны абдан жылуу кабыл алды — ал кезде ата-энемдин орусча сүйлөгөн, Россиянын жараны болгон немис күйөө баласы бар болчу, ошондуктан бул кабарды тынч кабыл алышты. Анын туугандары башында бир аз тынчсызданышкан, бирок мени жакындан тааныгандан кийин өз кызындай көрүп калышты. Азыр тамашалап, алардын үй-бүлөсүндөгү бойдок жигиттерге да чет элдик кыздарга үйлөнүүнү сунуштап калышканын айтып күлөбүз.
Бир күлкүлүү учур эсимде дайыма жылмаюу менен сакталат. 2022-жылдын жайында апам биздин нике каттоого Москвага учуп келгенде, ашканада отурсак, ал мага күтүлбөгөн жерден: “Балам, балким дагы бир ойлонуп көрөсүң... Мен сени мажбурлабайм, бирок ал сени анча жакшы көрбөгөндөй сезилет...” — деди.
Мунун баары Эмренин өтө токтоо болуп, сезимин сыртка көп чыгарбаганынан улам айтылган эле. Албетте, бул сөздөр камкордук жана энелик мээрим менен айтылган. Азыр бул учурду көп эстеп, күлүп калабыз.
Мен мындай тойду кыялымда да элестеткен эмесмин
Биздин расмий нике каттообуз Москвада өткөн, ал эми чыныгы тойду 2022-жылдын август айында Стамбулда өткөрдүк. Чынын айтсам, мен мындай тойду кыялымда да элестеткен эмесмин. Тойго туугандарым, ошондой эле Бишкек менен Дубайдан үч жакын курбум учуп келишкен.
Алгач кооз салтанат болуп, алтардын жанында символикалык нике кыйылды. Бирок ал биз үчүн абдан өзгөчө учур болду. Ошол кезде сезимдерибиз таптаза жана чыныгы эле: мен да, коноктор да ыйладык.
Айрыкча мени түрк элинин салттуу “кына кечеси” абдан толкутту. Мага кызыл көйнөк кийгизип, айланамдагылар эски ырларды ырдап, шам жана гүл кармап бийлешти. Көпчүлүк ыйлап да жатышты. Бул жөрөлгө келиндин өз үйү менен коштошуусун туюнтат экен, ошондуктан ал абдан терең жана жүрөккө жеткен таасир калтырды.
Жолдошумдун үй-бүлөсүнө мен жана апам үчүн ушул жөрөлгөнү өткөрүп берүүнү каалашканы үчүн чексиз ыраазымын. Ошол учурда мен экинчи үй-бүлөмдү тапкандай болдум.
Мени таң калтырган дагы бир салт — алтын белек берүү болду. Чынын айтсам, өмүрүмдө той күнү бизге берилгендей көп алтынды көргөн эмесмин.
Учурда Аден аттуу уулубуз бар
Азыр биз жыл сайын Түркияга барып, жолдошумдун туугандарына жолугуп турабыз. Алар мен үчүн чындап эле жакын адамдарга айланып калышты. Бүгүнкү күндө биз Москвада жашайбыз. Мен декреттик өргүүдөмүн — учурда 3 айлык Аден аттуу уулубуз өсүп жатат.
Биз пландарды куруп, кыялданып, өнүгүп, алдыга умтулууну каалайбыз. Жакынкы убакта дагы бир батир сатып алууну пландап жатабыз. Кийинки жылы сөзсүз Кыргызстанга барабыз. Жолдошум менин мекенимде али боло элек, ошондуктан ага мен чоңойгон жерлерди көрсөтүү, үй-бүлөм, табиятыбыз, маданиятыбыз менен тааныштыруу мен үчүн абдан маанилүү.
Мекенимди абдан сагынам
Карлуу тоолорубузду, айылдагы таңкы таза абаны, туугандарымды, жашоодогу жөнөкөй жана чыныгы көз ирмемдерди сагынам.
Эң даамдуу шабдалыларды, “Фаизадагы” куурулган чүчпараны, “Дордой” базарынын кире беришиндеги гамбургерди сагынам. Таң эрте ойгонуп, байкем короодон уйларды чыгарып, аларды чабанга өткөрүп берип жатканын көргөн таңдарды сагынам. Кээде дал ушундай жөнөкөй нерселер жүрөк үчүн эң кымбат болуп калат.