Turmush — Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы социалдык шаарча жай айында ишке берилет. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына Кызыл-Суу айыл аймагынын башчысы Алишер Нурбек уулу маалымдады.
Анын айтымында, социалдык шаарча 100 адамга ылайыкташтырылган.
«Аз камсыз, социалдык жактан колдоого муктаж жалгыз бой энелерге үй куруу максатында социалдык шаарча куруу үчүн жер тилкеси бөлүнүп, үй курулду. Жалпы наркы 170 млн сомду түзгөн социалдык шаарча жай айында толук бүткөрүлүп, ишке берилет. Ал кайрымдуулук фонду тарабынан толук шарты менен курулуп, калктын аялуу катмарына берилмекчи», - деди ал.