Turmush — Каракол шаарынын тургуну Алия Эдилова улуттук кол өнөрчүлүктү аздектеп, тасма каармандарына костюм тигип, жаштарды кол өнөрчүлүккө окутуп келет. Ар кыл талант ээси менен Turmush басылмасынын кабарчысы маектешти.
Алия Эдилова 1995-жылы 30-сентябрда Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Кажы-Сай айылында төрөлгөн. Бүгүнкү күндө кыргыз көркөм маданиятын заманбап өңүттө даңазалап келе жаткан чыгармачыл инсандардын бири. Ал — сүрөтчү-дизайнер, костюм жана текстиль искусствосунун өкүлү, окутуучу жана практик адис.
Алия айым бала кезинен эле сүрөт тартууга, кол өнөрчүлүккө жана улуттук орнаменттерге кызыгып өскөнүн айтат. Дал ошол кызыгуу анын келечектеги кесибин аныктап, дизайн дүйнөсүнө алып келген.
«Бала кезимден эле сүрөт тартууга, кол өнөрчүлүккө жана улуттук орнаменттерге кызыгып келгем. Ошол кызыгуу бара-бара кесипке айланып, дизайн дүйнөсүнө алып келди. Ар бир жасаган ишимде кыргыздын маданиятын заманбап формада көрсөтүүгө умтулам. Кичинекей чагымдагы кыялым орундалды десем болот. Окуп жүргөндө мени окуткан мугалимдер, колдоочу жакындарым, апам чоң шыктандыруу берген», - дейт ал.
Алгачкы билимди А.С.Пушкин орто мектебинен алган соң 2010-жылы Т.Садыков атындагы көркөм сүрөт мектебине тапшырып, 2014-жылы ийгиликтүү аяктаган. 2014-2019-жылдары Т.Сыдыков атындагы Улуттук көркөм сүрөт академиясында костюм дизайны багытында окуусун уланткан. 2019-жылы кызыл диплом менен окуусун аяктап, өз алдынча чыгармачылык жолун баштаган.
Алия Эдилованын чыгармаларында улуттук колорит өзгөчө орунда турат. Анын «Кылымдар жаңырыгы» аттуу коллекциясы улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан шыктануу менен жаралып, көрүүчүлөрдүн жогору баасына татыган.
«Бугу эне, Найман эне, мункурттун образы, баланын кыялы жана башкалар болгон. Ар бир образ терең изилдөөнүн, ички туюмдун жана күтүүсүз келген илхамдын жыйынтыгы», - дейт ал.
Ал бир катар эл аралык жана республикалык сынактарда ийгилик жаратып, баш байге жана биринчи орундарды багындырган. Өзбекстанда өткөн фестивалда «Алтын ийне» сыйлыгына ээ болуп, жаш дизайнерлер арасындагы кароо-сынакта да баш байгени уткан.
Бүгүнкү күндө ал Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде кийим дизайны адистиги боюнча студенттерге сабак берет. Окутууда практикага өзгөчө көңүл буруп, жаштарга өз стилин табууга багыт берет.
«Практикага басым жасайм. Студент өзү колу менен жасап көрмөйүнчө, дизайнды толук түшүнбөйт. Ошондой эле долбоордук ой жүгүртүүнү, референс чогултууну, эксперимент жасоону жана өз стилин табууну үйрөтөм. Заманбап техникалардын бардык мүмкүнчүлүгүн колдонуп үйрөтүүгө аракет кылып жатам», - дейт ал.
Мындан тышкары, ал кино тармагында да костюмер катары эмгектенип келет. «Бейиш эненин таманын алдында» жана «Человек дракон» тасмалары дизайнер үчүн өзгөчө мааниге ээ долбоорлордон болгон.
«Бул тасмалар мага өзгөчө сезим тартуулады. "Бейиш эненин таманында" тасмасы 7 өлкөнү кыдырып тартканыбыз менен эсте калды. Анда чет өлкөлүк аскер адамдардын костьюмдарын табуу оорчулук жаратты. Ошондой эле башкы карман Адилдин футболкасын атайын тиктирдик. Ага эмне сүрөт (принт) түшүнсөк деп ойлондук. Аны атайын ырымдап, дүйнөгө таанылган долбоор болсун деп ракетанын сүрөтүн түшүргөнбүз», - дейт ал.
Алия айым тасмаларда костьюм жаратып жаткан учуру дайыма туулган күнүнө дал келип калганы менен эсинде калат.
«Көп кинолордо эсимде калганы, кино тартуу учуру туулган күнүмө дал келип калган учуру. Анда тартуу тобу мага торт алып келип куттуктап, өзгөчө туулган кун болгону менен эсимден калат. Кыргыз киносу "Перекупщик", "Человек дракон", "Бейиш эненин таманын алдында" тасмасында да туулган күнүмө дал келди. Анда Өзбекстанда болчубуз. Тасма жаратуучулар, режиссёрлор торт алып келип куттуктап, унутулгус туулган күндөр болгон. Мен ушул менен 5 долбоордо туулган күнүмдү кинодо тосуп жатам деп күлдүм», - деди ал.
Ар бир тасмада каармандын мүнөзүн, доорун жана образын изилдеп, костюм аркылуу көрүүчүгө жеткирүү — анын негизги максаты.
«Адегенде чакан долбоорлорго дизайнер катары катышып жүрдүм. Клип, кыска метраждуу тасма. Анан режиссёрлор ишимди көрүп, чоңураак тасмаларга чакыра баштады. Эң биринчи 2019-жылы «Перекупщик» тасмасы кино долбоор болгон.
Анда мен актёрлордун костьюмун даярдап, андан сырткары гримди да алып баргам. Бир тасмада эки позицияны тең алып барыш оор болгон. Ошонусу менен эсте калды. Кино тармагында тажрыйбам аздыгына карабай, чын жүрөктөн иш алып барып, аракет кылганым менен жеңдим.
Алгач сценарийди окуйм. Каармандын мүнөзү, доору, айлана-чөйрөсү боюнча изилдөө жүргүзөм. Андан кийин эскиздер, түстүк палитра, режисер менен макулдашылгандан соң материал тандоо, тигүү, кийимди каарманга ылайыктап көрүү — баары этап-этабы менен жүрөт.
Тартылган жер (локация), убакыт тартыштыгы, материал табуу, бюджети чектелген долбоорлор, режисерлордун талабы, аба ырайы, актёрлордун графиги, кыялы — баары дизайнерге түздөн-түз таасир этет. Бирок бул кыйынчылыктар чыгармачылыкты дагы да күчөтөт чыйралтып такшалам», - дейт дизайнер.
Алия Эдилова үчүн сүрөт тартуу — бул жөн гана иш эмес, ички дүйнөнү ачкан өзгөчө тил. Ал чыгармалары аркылуу ой-сезимдерин, турмуштук тажрыйбасын жана дүйнө таанымын чагылдырат.
«Улуттук теманы модерн, минимализм жана эксперименталдык стилдер менен айкалыштырганды жактырам. Орнаменттерди жаңы формада берүүгө өзгөчө көңүл бурам. "Дизайн, кино жана сүрөтчүлүктү кантип айкалыштырасыз?" деп сурап калышат. Баары бири-бирине байланышкан. Дизайн — форма. Кино — образ. Сүрөт — түс жана эмоция. Үчөөнү бириктиргенде терең, толук жана көркөм жыйынтык чыгат», - дейт ал.
Анын негизги максаттарынын бири — кыргыздын көркөм мурасын дүйнөгө таанытуу. Мындан тышкары, ал өзүнүн чыгармачылык студиясын өнүктүрүп, жаш дизайнерлерге колдоо көрсөтүүчү фонд түзүүнү кыялданат.
Үй-бүлөсү менен бирге тынч жаратылыш койнунда убакыт өткөрүү, китеп окуу жана жаңы идеялардын үстүндө иштөө ишке болгон илхомун күчөтөт.
«Табияттан, элдик маданияттан, көркөм чыгармалардан, студенттеримден, саякаттан, адамдардын тагдырынан, кыргыз оймо чиймелеринен, символикасынан илхом алам. Жашоомдогу таасир калтырган окуялардан улам ой толгоомду чогултуп барак бетине түшүрөм», - деп сөзүн жыйынтыктады ал.