Turmush — Чоң Чүй каналынан эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Turmush басылмасына күбөлөр билдирди.
Алардын айтымында, окуя Бишкек шаарынын четинде, Чүй облусунун Аламүдүн районуна жакын жерде болгон.
Алдын ала маалымат боюнча, эркек киши балык кармоо үчүн кайырмагын ыргытканда башындагы илмеги жогорку чыңалуудагы электр чубалгыга илинип калган. Аны ток уруп каза болгон. Жогорку чыңалуудан улам кайырмагы да ээрип кеткен. Тез жардам кызматы чакырылып, бирок ал каза болуп калган.
Кийинчерээк Свердлов РИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, 2026-жылдын 1-апрелинде саат 16:40 чамасында 102 кызматына Чоң Чүй каналынын жанында эркек адам эс-учун жоготкон абалда жатканы тууралуу маалымат түшкөн.
Бул факт каттоого алынып, окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган. Ал жерден 1986-жылы туулган Я.М. аттуу жарандын жансыз денеси табылды.
Учурда бардык тиешелүү экспертизалар дайындалды. Анын жыйынтыгы менен мыйзам чегинде тиешелүү чечимдер кабыл алынат.
Алдын ала маалымат боюнча, маркумду балык уулоо учурунда жогорку чыңалуудагы электр чубалгыдан ток урган.