Turmush — Данияр Малабеков Көк-Жаңгак шаарынын мэринин убактылуу милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу акимчиликтен кабарлашты.
Маалыматка караганда, белгилүү болгондой, мурунку калаа башчысы өз арызы менен жумуштан бошогон. Бүгүн, 31-мартта Данияр Малабеков дайындалып, шаар активине да тааныштырылды. Малабеков буга чейин Базар-Коргон район акиминин биринчи орун басары кызматын аркалап келген.
Малабеков Данияр Турусбекович
| Туулган күнү, айы, жылы | 22.01.1988-жыл | |
| Туулган жери | Жалал-Абад облусу, Базар-Коргон району | |
| Улуту | Кыргыз | |
| Жарандыгы | Кыргыз Республикасы | |
| Билими | Жогорку | |
| Кайсы окуу жайын бүктөн | 2011-жылы Жалал-Абад шаары, Экономика жана ишкердик университети | |
| Адистиги | Бухгалтердик эсеп жана аудит | |
Эмгек жолу
| Дайындалган жана бошотулган жылы, айы | Мекеменин, уюмдун, ишкананын аталышы | Ээлеген кызматы | |
| 03.10.2007 | 01.11.2008 | Базар-Коргон райондук мамлекеттик архиви | Башкы фонд сактоочу |
| 19.02.2010 | 24.05.2010 | Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясы | Адис |
| 04.12.2010 | 05.09.2015 | “Ысык-Көл интернэшнл” ЖЧК | Директор |
| 06.2018 | 10.2018 | Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты | Оператор |
| 07.06.2022 | 11.04.2023 | Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармалыгына караштуу “Кыял” мамлекеттик мекемеси | Директордун орун басары |
| 11.04.2023 | 18.10.2024 | Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармалыгына караштуу “Типография” мамлекеттик мекемеси | Директордун орун басары |
| 25.11.2024 | 09.01.2025 | Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармалыгына караштуу Түштүк резиденциясы | Директордун орун басары |
| 2025-жыл | азыркы учурга чейин | Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясы | Башчы-акимдин биринчи орун басары |
- Кечээ район акими Дамир Кулубаев Көк-Жаңгак шаарынын мэри Сыргак Замирбек уулу жумуштан кеткени боюнча эл арасында айтылып жаткан кабар жалган экенин, ал арыз жаза электигин билдирген болчу.