Turmush — «Жеңеке» рубрикасынын кезектеги каарманы — Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын тургуну Евгения Жабаева.
Менин атым Евгения, бирок жакындарымдын баары мени жөн гана Женя деп аташат. Чынын айтсам, ушул ысым мага алда канча жакын жана жылуу угулат. Мен 1993-жылы кооз да, өзгөчө жагымдуу Каракол шаарында жарыкка келгем. Ушул эле жерде Чехов атындагы №6 мектепти аяктап, дээрлик дароо эле иштей баштагам. Убакыт өтүп, сулуулук жаатынан өз ордумду таптым. Азыр кирпик ламинациясы жана каш жасалгалоо менен алектенем. Бул иш мага киреше гана эмес, чыныгы ырахат да тартуулайт.
Жолдошумдун аты Ильяз, ал 36 жашта. Экөөбүз тең Каракол шаарынанбыз. Азыркыга чейин ушул жерде жашайбыз жана башка жакка көчүү тууралуу деле ойлонуп көргөн эмеспиз. Бул шаарды тынчтыгы, жаратылышы жана өзгөчө атмосферасы үчүн сүйөбүз.
Ильяздын теги да абдан кызык. Апасы тарабынан анын калмак тамыры бар, ал эми атасы тарабынан дунган тектүү. Ал метис. Балким, дал ушул түрдүү маданияттардын айкалышы биздин үй-бүлөнү дагы да өзгөчө кылып тургандыр.
Биздин сүйүү баяны күтүүсүз жерден — футболдо башталган
Ал кезде мен бул спорт түрүн абдан жакшы көрчүмүн. Досторубуз менен дем алыш сайын чогулуп алып, футбол ойночубуз. Кызыгы, мен үй-бүлөдөгү улуу баламын жана кичинекей кезимен эле өзүмдөн улуу агам болсо деп кыялданчумун. Ильяз экөөбүздүн жаш айырмабыз 3,5 жыл. Аны биринчи жолу көргөндө эле ичимден: «Ушундай улуу агам болсо кана» деген ой кылт эткен. Бирок турмуш баарын башкача чечти — алгач дос болуп калдык, кийин бара-бара бул сезим сүйүүгө айланды.
Сүйүүсүн билдирүүсү да абдан жөнөкөй жана чынчыл болгон — ашыкча шаан-шөкөтсүз эле. Ал жөн гана келип, сезимдерин ачык айткан. Дал ошол чынчылдыгы мени таасирлентти. Ал убакта менин да ага болгон сезимим бар эле, болгону аны дароо аңдай алган эмесмин. Биздин мамиле жай жана табигый нукта өнүктү. Бир убакта экөөбүз тең өмүр жолун чогуу баскыбыз келерин түшүндүк — үй-бүлө куруп, бири-бирибизди колдоп, кандай кырдаал болбосун жанаша болууну кааладык.
Үй-бүлөлүк жашоодо өзүмдү абдан бактылуу сезем
Биз 2013-жылы баш кошконбуз. Тоюбуз өзүбүздүн туулуп-өскөн Каракол шаарында өткөн. Ата-энем каршы болгон эмес, бирок ар бир ата-эне кызы үчүн тынчсыздангандай эле алар да мени ойлоп, санааркашкан. Алар үчүн мени сыйлашса, коопсуз болуп, жаңы үй-бүлөдө эч ким таарынтпаса деген нерсе эң маанилүү эле. Убакыт өткөн сайын жолдошумду жакындан таанып, анын мага болгон мамилесин көрүшкөндөн кийин, алардын бардык санаасы тарады. Азыр мамилебиз абдан жылуу. Ал эми жолдошумдун апасы, тескерисинче, биздин баш кошуубузду башынан эле колдоду. Ал дайыма: "Мен үчүн эң башкысы — балдарым өз чыныгы сүйүүсүн тапса болду" деп айтчу.
Үй-бүлөлүк жашоодо өзүмдү абдан бактылуу сезем. Турмушта кыйынчылык көрүп жатам деп айта албайм, анткени жолдошум ар дайым жанымда болуп, бардык жагынан колдоо көрсөтөт. Ал жардам берет, кеңеш айтат. Бул анын табигый мүнөзү. Анткени аны бала кезинен эле аялзатын урматтоого жана үй-бүлөгө тирек болууга тарбиялашкан.
Мага кыргыз элиндеги улууларды сыйлоо, үй-бүлөгө болгон сүйүү жана чын дилден конок тосуу сыяктуу баалуулуктар абдан жакын. Бул жерде конокту жан-дилиң менен тосуп алып, мээрим менен камкордукка бөлөгөнгө аракет кылышат.
Биздин үйдө күлкүлүү майда окуялар да болуп турат
Мен ашканада түрдүү тамактарды жасап, тажрыйба кылганды жакшы көрөм, ал эми жолдошум көбүнчө улуттук тамактарга жакын. Мурун ал сылыктык үчүн баары даамдуу деп айта берчү. Анан мен: «Муну дагы жасап берейинби?» — десем, чынчылдык менен: «Балким, кереги жоктур...» — деп жооп берип калчу.
Азыр мындай учурларды эстеп алып экөөбүз жөн гана күлүп калабыз жана бири-бирибизди жакшыраак түшүнгөндү үйрөнүп жатабыз. Экөөбүз чогуу убакыт өткөргөндү абдан жакшы көрөбүз. Айрыкча жаратылышка чыгып эс алууну жактырабыз. Биздин тоолор — өзүнчө эле сүйүү, ал эми Ысык-Көл биз үчүн жан дүйнө тынч алып, күч-кубат топтой турган өзгөчө жер.
Келечекте блогумду өнүктүргүм келет — сулуулук, шыктануу жана жашоого болгон өз көз карашым менен бөлүшүүнү кыялданам. Дагы бир чоң тилегим — саякаттап, жаңы жерлерди ачуу. Бирок жашай турган жерибиз Каракол бойдон кала берет. Анткени ушул жерде биздин үйүбүз, биздин энергиябыз жана биздин бактыбыз бар.