Turmush — Ысык-Көл районунун Семеновка жана Ананьев айылдарынын ортосунда 27-март күнү саат 15:00 чамасында жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен эки айдоочу жана дагы бир нече адам каза болду.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, жабыркагандар да бар. Жол кырсыгынан кийин жаракат алгандар Ананьев айылындагы ооруканага жана Ысык-Көл райондук ооруканасына жеткирилген.
Райондук ооруканага үч жаран түшкөн: 1960-жылы туулган эркек киши, анын 1990-жылы туулган кызы жана анын эки жаштагы кызы.
Эки жаштагы кыз 28-март күнү дарыгердин коштоосунда Бишкек шаарындагы балдар ооруканасына (ЖАЛ) которулду. Анын сол жамбаш сөөгү сынганы аныкталган.
Ал эми ооруканага түшкөн атасы менен кызына (1990-жылы туулган) операция жасалган. Учурда экөө тең жандандыруу бөлүмүндө дарыланып жатышат.
Каза болгондор жана башка жабыркагандар боюнча маалымат такталып жатканын милиция билдирди.