Turmush — Бүгүн, 26-апрелди Токмок шаарында бийлик өкүлдөрү эл менен жолугушту. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Жыйындын жүрүшүндө Кемин районуна караштуу Ак-Бешим айылынын тургуну Саламат Кожокелдиева
«Айылда жер тилке берилет деген 49 гектар жерибиз бар. Ошол чечилбей койду. 1000ден ашуун адам кезекте турат. Менин балам 1990-жылы кезекке турган. Жашы 53кө чыкты. 4 баласы менен бир бөлмө батирде жашайт. Келинчеги да оорукчан. Жер берсе, үй салат элек. Токтом дагы чечим дагы чыккан. Канча жерге чуркадык. Эч ким карабайт. Депутатка да кагаздарыбызды бергенбиз. Ал дагы кетип калды. Ак-Бешимдин эли ыйлап отурат. Жер деген толтура, бирок баары үй-жайы жок жүрүшөт. Бир үйдө 3 келин жашаган үйлөр бар. Жөн эле чийип, берип койбойсуӊарбы, карпайым элге», - деди ал.
Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү маселени карап чыгышарын билдиришти.