Turmush — Ош шаарынын аймагында экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы багытталган ыкчам иш-чаралар улантылып жатат. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Ош ШИИБдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери «Экстремист» аталышындагы ыкчам профилактикалык иш-чаранын алкагында бир катар ыкчам аракеттерди жүргүзүштү. Анын натыйжасында Кара-Суу районунун жана Ош шаарынын аймагында жашашкан экстремисттик аракеттерге шектүү топ аныкталды. Алардын шек жараткан мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу максатында 4 турак жайда тинтүү иштери жүргүзүлдү.
Тинтүү иштеринин жүрүшүндө төмөнкү жарандардын үйлөрүнөн шек жараткан далил буюмдар алынды:
- Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну — 1993-жылы туулган Г.А.дан 1 даана уюлдук телефон, 19 даана DVD диск, 8 даана китеп баракчалар;
- Ош шаарынын тургуну — 2000-жылы туулган И.А.дан 4 даана уюлдук телефон, 2 даана ноутбук, 3 даана бычак, 1 даана кастет, 4 даана китеп баракчалар;
- Ош шаарынын тургуну — 1991-жылы туулган Ю.А.дан 3 даана уюлдук телефон, 1 даана ноутбук, 10 даана китеп баракчалар;
- Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну — 1980-жылы туулган Д.М.дан 2 даана уюлдук телефон, 8 даана китеп баракчалар.
Жалпы 8 даана уюлдук телефон, 3 даана ноутбук, 19 даана DVD диск, 30 даана китеп баракчалар, 3 даана бычак жана 1 даана кастет алынды.
Шектүүлөр тергөөгө камсыздалып, алынган далил буюмдарга тиешелүү соттук экспертизалар дайындалды.
Учурда тергөө амалдары улантылууда.
Видео Ош ШИИБге таандык: