Turmush — Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Кара-Бүргөн айылынын 94 жаштагы тургуну Санаш Такырбашова оор балалыкты, ачарчылыкты, согуштан кийинки жокчулукту башынан өткөрүп, 17 бала төрөгөн. Эмгек менен өмүр сүргөн апа бүгүн уул-келининин сый-урматын көрүп, 45 небере, 33 чөбөрөнүн чоң энеси болуп отурат. Аны менен Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маек курду.
Каарманыбыз Санаш Такырбашова бир үйдүн жалгыз кызы болгонун айтты.
«Атымдын тарыхын айтып берейин. Ата-энем карыганда көргөн жалгыз кызы экенмин. Мага чейин балалуу болбой, бала самап жүрүшүп, атымды Санамбү коюшуптур. Кийин Санамбү дебей, Санаш деп эркелетип жүрүшүп, Санаш болуп калыптыр. Мен төрөлгөндөн 6 ай өткөндөн кийин атам каза болуптур. Ал эми 6 жашымда апам да көз жумган. Ошентип, мен ага-туугандардын колунда, жеңелеримдин көзүн карап чоңойдум. Ал кезде жокчулук күч болчу. Машак терип, бай-манаптардын жумушун кылып, курсак тойгузчубуз. Таш жаргылчак бар эле. Терип келген машактарды ошого тартып, калама бышырып жечүбүз», — деди апа.
Санаш апа 16 жашында бир үкөк (ящик) помидор берген кампа башчыга турмушка чыкканын эскерди.
«Бала чагым согуштун, жокчулуктун мезгилине туш келип, кыйын заманды баштан өткөрдүк. 16 жашымда да ачарчылык, жокчулук өкүм сүрүп турган. Бир жолу эки курдаш кызым менен ойноп жүрүп, курсак ачкандан аянтта төгүлүп жаткан помидорлорду көрүп, уурдап алууга аракет кылдык. Ошол учурда кампа башчысы болуп иштеген бир жигит келип кармап калды. Андан кутулуш үчүн жалдырап, кечирим сурадым. Ал ар кандай сөздөрдү айтып, эрмектеп калды. Ошентип мамилебиз жакындап, кийин ошол кампа башчы жигит бир үкөк (ящик) помидор берип, мени ала качып кетти. Ошентип турмуш куруп калдым.
Жолдошум Абдыбек актив чалыш адам болчу, ар кандай майда жумуштарда эмгектенип жүрдү. Кийин Ак-Талаанын Кош-Дөбө айылына көчүп бардык. Андан соң 1958-жылы Кара-Бүргөн айылына көчүп келип калдык. Бул жакка келгенден кийин колхоз, совхоздун кара жумуштарында иштедик. Ал кезде аял-эркек дебей, баары өкмөттүн жумушун аткарчу. Бир баланы көтөрүп, бир баланы жетелеп алып ишке чыкчубуз. Ошондой кыйын заман эле. Ар бир адам эмгектенчү. Мен кара сугатчы болуп иштеп, жакшы түшүм алып, депутат, делегат да болдум. "Даңк" ордени менен сыйландым», — деди С.Такырбашова.
Санаш апа 17 бала төрөп, алардын онунан эрте айрылып калганын айтты.
«Жолдошум Абдыбек экөөбүз 56 жыл чогуу жашадык. Бул аралыкта 17 бала төрөдүм. Бирок алардын 10у кичинекей, бешикте жаткан кезинде эле чарчап калышты. 4 уулум, 3 кызым аман-эсен чоңоюп, өз алдынча үй-бүлө куруп, бала-бакыралуу болушту. Аттиң, кийин алардын айрымдары оорудан улам каза болуп калышты. Азыр 1 уулум, 1 кызым бар. Учурда ошол уулум Болотбектин жана келиним Жылдыздын колундамын. Кудайга дагы деле шүгүр кылам. Ошол балдарымдан 33 небере, 45 чөбөрө көрдүм. Азыр 94 жашка чыктым. Кары адамдын ден соолугу жакшы кароодон болот экен. Уул-келиним жакшы карашат. Тамак-ашымды убагында беришет. Кудайга шүгүр дейм. Эми заманыбызда тынчтык, токчулук болсун. Эли-журтума эсендик каалайм. Жаштарга ден соолук, узун өмүр, ыйман берсин деп тилек кылып келем», — деди Санаш апа.
Маекке көмөк көрсөткөн келини Жылдыз Бабыгулова кайненесинин ден соолугу жакшы экенин, өзүн тың алып жүрөрүн айтты.
«Кайненемдин паспортунда аты Санаш деп жазылган. Өзүнүн айтымында, чыныгы аты Санамбү экен. Ал колхоз-совхоздун ар кандай кара жумуштарында иштептир. Жер сугарып, чөп чаап, машак терип эмгектениптир. Кийинчерээк башкарманын кеңсесинде пол жууп, суу чарба башкармалыгында жармачы, сакманчы болуп да иштептир.
Мен келини катары айта кетсем, апабыз абдан иштерман адам эле. Жер айдаганды жакшы көрчү. Алма, өрүк, картошка, сабиз, кызылчаны көп өстүрчү. Элдик дарыгерлик касиети да бар болчу. Кичинекей балдарды эмдеп, жүрөк көтөрүп, итий менен ооруган балдарды дарылап калчу. "Темир өткү" деп коюшат экен, ошону да ийненин учу менен эмдеп, айылдагы көп адамдарга пайдасы тийген. Ошол нерселерди мага да үйрөтүп койгон. Өзү табигый чөптөрдү көп пайдаланчу. Ошондон болсо керек, ден соолугу абдан жакшы. Бир жерим ооруйт дебейт. Ичкен-жегени жакшы, өзүн тың алып жүрөт. Кечээ Нооруз майрамында бизге сүмөлөк кайнатып берип, баарыбызга батасын берди», — деди келини Жылдыз Бабыгулова.