Turmush — Талас облусунун аймагында «Маяк» аталышындагы рейддик иш-чара өттү.
Талас облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалыматына караганда, рейддин жүрүшүндө атайын жарык берүүчү жана үн чыгаруучу сигналдык түзүлүштөрдү иштетүү менен жүрүп бара жаткан транспорт каражаттарынын кыймылына артыкчылык бербегендер айдоочуларга 10 000 сомдон айып пул салынды. Жалпы 16 протокол түзүлдү.
Жол төскөөчүлөр атайын жарык берүүчү жана үн чыгаруучу сигналдык түзүлүштөрдү иштетүү менен жүрүп бара жаткан транспорт каражаттарына жол бошотуп берүү керектигин эскертет.