Turmush — 24-марттан 28-мартка чейин туруксуз аба ырайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү ыктымал. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка караганда, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
- Бишкек–Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255-чакырымдарында (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу;
- Ала-Бука–Каныш-Кыя унаа жолунун 68-74, 88-95-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу);
- Красная-Горка–Ак-Таш унаа жолунун 0-2-чакырымдарында;
- Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунун 292-305-чакырымдарында (Долон ашуусу);
- Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад унаа жолунун 201-205-260-290-326-349-чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу).