Turmush — Сокулук районуна караштуу Шопоков шаарынын 12 спортчусу Казакстанда өткөн эл аралык мелдеште алдыңкы орундарды алып келишти. Бул тууралуу аймактык кабарчыга мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, тхэквондо боюнча машыктыруучу И.Нарбаевдин жетекчилиги алдында машыгып жаткан спортчулар Шопоков шаарынын мэриясынын каржылык колдоосу менен 19–21-март күндөрү Казакстандын Шымкент шаарында өткөн «Golden Star 2026» эл аралык турнирине катышты. Алар байгелүү орундарды багындырышты.
Жыйынтыктар (СК-Шопоков):
Байэль Өмүрзаков – 1-орун;
Руслан Исмаилов – 1-орун;
Санирабика Бактыбекова – 2-орун;
Байяна Дүйшеева – 2-орун;
Диана Казымбекова – 2-орун;
Абанай Сагынбеков – 2-орун;
Айлу Таалайбекова – 2-орун;
Байбол Шоруков – 3-орун;
Алымбек Каныбеков – 3-орун;
Данияр Равильев – 3-орун;
Ыйман Карбеков – 3-орун;
Байэль Өмүргазиев – 3-орун.