Turmush — Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Новопокровка айылындагы талаада өрт чыгып жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасына жергиликтүү тургундар билдирди.
Алардын айтымында, өрт чыккан талаа Новопокровка айылынынын Чыңгыз Айтматов жаңы конушунун аймагында жайгашкан. Өрт үч күндөн бери өчпөй, кара түтүн каптап жатат.
«Үч күндөн бери талаадан өрт чыгып, кара түтүнү алыстан эле көрүнүп жатат. Биз жергиликтүү элге жана жаштарга талаадагы куураган чөптөрдү өрттөбөөнү суранат элек», - деди жашоочулар.