Turmush — Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын аймагында 2026-жылдын 24-мартынан тартып жылуулук берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Шаар мэри Нуртилек Орозбаев 23-март күнү тиешелүү буйрукка кол койду.
Чечим аба ырайынын туруктуу жылышына жана орточо суткалык температуранын белгиленген нормадан жогору болушуна байланыштуу кабыл алынды.
Тиешелүү мекемелерге:
- жылуулук системаларын өчүрүү;
- жабдууларды коопсуз абалга келтирүү;
- консервациялоо иштерин жүргүзүү;
- калкка маалымат жеткирүү милдеттери тапшырылды.