Turmush — Талас районунун Шумкар-Уя айыл аймагына караштуу Кеңеш айылында жабык типтеги футбол аянтчасынын ачылышы болду.
Айыл өкмөт башчысы Бакыт Кыдыралиевдин айтымында, аянтчанын курулушуна жергиликтүү бюджеттен 9 млн 500 миң сом каражат бөлүнгөн. Бул демилгени айылдык кеңештин депутаттары колдоого алышкан.
Ушуну менен Шумкар-Уя айыл аймагына караштуу 6 айылдын ар биринде бирден футбол аянтчасы пайда болду.