Turmush — 24-март — Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата Каракол шаарынын борборунда тургундар үчүн акысыз медициналык текшерүү уюштурулду.
Анын алкагында шаар тургундары рентген аппаратынан өтүп, кургак учук илдетинин бар же жок экенин аныктап жатышат.
Дарыгерлердин айтымында, мындай текшерүүлөр ооруну эрте аныктоого чоң мүмкүнчүлүк берет. Айрыкча заманбап санариптик жана жасалма интеллект менен жабдылган рентген аппараттары диагнозду так коюуга көмөктөшөт.
«Илдетти канчалык эрте аныктасак, дарылоону өз убагында баштап, тез сакайып кетүүгө мүмкүнчүлүк ошончолук көбөйөт. Бүгүн эл көп чогулган шаардын борборунда бейөкмөт уюм менен биргеликте калкты текшерип жатабыз. Жалпысынан 24-март — кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата облус боюнча ар бир райондо иш-чаралар өтүп, калкка илдеттин жугуу жолдору жана аны алдын алуу тууралуу маалымат берилүүдө. Ошондой эле окуучулардын маалымдуулугун жогорулатуу максатында сынактар уюштурулуп, дил баяндар жазылып, спектаклдер коюлууда», — деди Ысык-Көл облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун директору Жаныл Акунова.
Аталган борбордун маалыматына ылайык, 2025-жылдын жыйынтыгы менен Ысык-Көл облусунда кургак учукка чалдыккан 159 учур катталган. Бул көрсөткүч 2024-жылга салыштырмалуу 37 учурга аз.
Катталган 159 учурдун ичинен эң көбү — 33 учур Жети-Өгүз районунда аныкталган.