Turmush — Кант шаарында Норруз майрамына карата волейбол боюнча мэрдин кубогуна арналган мелдеш өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, мелдешке ар кайсы аймактардан келген 12 команда катышты.
Эркектер арасында жеңишке ээ болгон командалар:
- 1-орун — «Алияскар Токтоналиев (Эпкин)»;
- 2-орун — «Сын-Таш»;
- 3-орун — «Таш-Дөбө».
Кыздар арасында жеңишке ээ болгон командалар:
- 1-орун — «Аламүдүн»;
- 2-орун — «Ю-17»;
- 3-орун — «Кара-Балта».