Turmush — Кыргызстанда 2026-жылдын 20-мартынан 10-апрелине чейин масштабдуу айыл чарбасын каттоо иштери башталды.
Маалым болгогндой, бүгүн 20-мартта Жумгал районунда жалпы 36 каттоочу 7 инструктор каттоо иштерин баштады. Район жетекчилиги жана стат комитети айыл чарбасын каттоого старт берди. Бул 10 жылда бир жолу уюштурулуучу иш-чара жер ресурстары, малдын саны, айыл чарба техникалары жана продукция көлөмү боюнча так маалыматтарды чогултуп айыл чарба жерлерин, айдалган аянттардын, мал-жандыктардын, канаттуулар аары жана башка техникалардын реалдуу санын аныктап электрондук базага киргизишет.
Атайын окуудан өткөн каттоочулар айыл чарба менен алектенген ар бир үй-бүлө, фермердик жана дыйкан чарбаларын кыдырып, электрондук анкета толтурушууда. Элдин маалыматтары жашыруун сакталып, купуялуулугу кепилденет.