Turmush — Бишкек—Нарын—Торугарт айланма унаа жолунда бир нече унаа катышкан жол-транспорт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Turmush басылмасына күбөлөр билдирди.
Алардын айтымында, окуя бүгүн, 19-мартта болду. Анда жүк ташыган унаалар кагышты. Жабыркагандар бар.
Ал эми Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалыматына караганда, 2026-жылы 19-март күнү болжол менен саат 11:00 чамаларында Бишкек—Нарын—Торугарт айланма унаа жолунун 66-чакырымында күн батыштан күн чыгышты карай бара жаткан «КамАЗ», «Daewoo Labo», «Мерседес Бенц» жүк ташуучу унаалары жол кырсыгына учураган.
Жол кырсыгынын кесепетинин «Daewoo Labo» унаасынын айдоочусу жана жүргүнчүлөрү жабыркап, Токмок шаарынын аймактык ооруканасына кайрылды.