Turmush — Кечээ, 17-мартта Ысык-Көлдө жайкы туристтик сезонго даярдык көрүү иштери жүргүзүлдү.
Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чарага милиция кызматкерлери менен бирге ӨКМдин, муниципалдык кызматтардын өкүлдөрү, жаратылышты коргоо уюмдары жана ыктыярчылар катышты.
Аталган иш-чара президент Садыр Жапаровдун №131 жарлыгын ишке ашыруунун алкагында жана Ички иштер министрлигинин тиешелүү тескемесине ылайык уюштурулду.
Иш-чаранын жүрүшүндө облус аймагындагы көл, көлмөлөр жана суу сактагычтар мыйзамсыз балык торлорунан, тиричилик таштандыларынан жана башка булгоочу заттардан тазаланды. Тазалоо иштерине атайын техникалар, анын ичинде моторлуу кайыктар жана автоунаалар тартылды.
Чогултулган таштандылар белгиленген тартипте чыгарылып, мыйзам чегинде жок кылынууда.